Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:54

Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөр натыйжа бере элек


ТЕГЕРАН. Еврошериктештик менен ырасмий Тегерандын Ирандын ядролук программасын токтотуу маселесине арналган сүйлөшүүлөрүндө орток пикир жетишиле элек. Бул жөнүндө Ирандын Жогорку Коопсуздук Кеңешинин өкүлү Хассан Равдани билдирди. Улуттук телевидение аркылуу берген маалыматында Равдани Иран уранды байытуу укугунан баш тарткысы келбейт, деп айтты.

Британия, Франция, Германиянын жана Ирандын өкүлдөрү ушул тапта Парижде Ирандын ядролук программасын токтотуу маселесин талкуулап жатышат. Маселе программанын канча убакытка токтотулуусу керек, деген суроого барып такалды.

XS
SM
MD
LG