Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:27

Ахмед Куреи палестин саясий топтору менен кеңешип-танашууда


КАЛКИЛЬЯ. Иордандын Батыш жээгиндеги Калкилья шаарынын ооруканасы машинеге орнотулган бомбадан бүгүн эки палестин курман болуп, бирөө оор жараат алгандыгын ырастады. Курман болгон эки палестин "Ал-Акса шейиттер бригадасы" деп аталган топтун мүчөлөрү экендиги божомолдонот. Жардыруунун себептери белгисиз. Мындан мурда израилдик аскерлер Женин качкындар лагеринде 13 жаштагы өспүрүм баланы өлтүрүп салышкан. Ошондой эле Газа тилкесинде жөөт аскерлеринин огунан эки палестин курман болду.

Бул кагылышуулар палестин өкмөт башчысы Ахмех Куреи бак талашкан араздашуулардын алдын алуу үчүн Газада сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жаткан кезде орун алды. Автономиянын мыйзамдары боюнча Ясыр Арафаттын көзү өтсө автономиянын жетектөө иши парламенттин спикерине жүктөлүп, автономияда эки айдын ичинде жаңы президент шайланышы керек.

XS
SM
MD
LG