Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:03

Четтеги ирактыктар шайлоого катышса 90 млн. доллар сарпталат


БАГДАД. Ирактын убактылуу өкмөт башчысы Ияд Алави чет элде жашап жаткан ирактыктардын шайлоого катышуусун камсыз кылуу үчүн 90 миллион доллар сарптала турганын билдирди.

Премьердин кеңсесинин маалыматына караганда бул каражаттар январда өтө турган шайлоодо сарпталат делген 340 миллон доллардан ажыратылат.

Улуттар уюму жана АКШ чет элде добуш берүүнү уюштуруу кымбат жана татаал болгондуктан, андай планга каршы чыгып жатат. Ишембиде Ирактык суннилердин таасирдүү уюму да буга каршы чыккан. Ирактын 26 миллион эли бар, алардын кеминде 3-4 миллиону чет жерде.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG