Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:45

КЫЛЫЧЫН АЛЫП КЫШ КЕЛДИ


Кыш камылгасы Кыргызстан шартында Өзбекстандан келчү газ менен Казакстан жөнөтчү ташкөмүр топтомуна карата бааланат. Өкмөттүн ырасташынча быйыл Бишкек менен Ош жылуулук борборлоруна жетиштүү отун топтолгон. Анткен менен бул жаатта деле азырынча чечиле элек проблемалар биртоп.

1-вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиевдин маалымдашынча, керектөөчүлөрдүн энергетиктер алдындагы карызы 2 миллиард сомдон алдагачан ашып кеткен:

- 1-октябрга карата электр энергиясын пайдалануучулардын жалпы карызы 2 миллиард 180 миллион сомго чыкты. Карыздын кыйласы калктын үлүшүнө туура келет. Бул жалпы карыздын 60%. Ушул жылдын 23-октябрындагы Коопсуздук кеңешинин чечимин ишке ашыруу амалында өкмөт тарабынан ушу тапта атайын токтом даярдалууда.

Электр акысын төлөөнү жолго коюу, техникалык, коммерциялык жоготууларды азайтуу милдети жергиликтүү бийлик, тармак жетекчилерине буга чейин эки жолу өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында жүктөлгөн.

Өткөн жылы Коопсуздук кеңеши энергетика тармагындагы кризистик кырдаалды талкууга салып, акы чогултуу ишине мыйзам сактоо органдарын тартуу, жергиликтүү бийлик жетекчилеринин жеке жоопкерчилигин көтөрүү милдетин койгон.

Окуялардын бир жылдык жүрүшү көрсөткөндөй, башында жандуу башталган иш кийин жүр-нарыга салынып, Коопсуздук кеңешинин чечими аткарылбай калды. Коопсуздук кеңеши быйыл октябрдын жыйырма үчүндө өткөн жыйынында деле белгилүү маселени дагы талкууга салды.

Парламенттин Эл өкүлдөр жыйынынын Өнөр жай жана ишкердикти стратегиялык жактан өнүктүрүү комитетинин төрагасы Жаныш Рустенбековдун ырасташынча, өкмөттүн ишинин натыйжасын кыш көрсөтөт:

-Карыздары өндүрүү боюнча өкмөт эмне иштерди жасады? Анын сунуш кылган маалымдамасын окуп, жер-жерлерден келген депутаттардын пикирин уккан соң өкмөт менен тармак жетекчилеринин токпейил билдирүүлөрүнө ишенбей деле кетесиң. Системалык кризиске кабылышы ыктымал энергетикадагы абал чеке жылытарлык эмес. Энергия бөлүштүрүү компаниялары карыз акчалaрды чогултуунун ордуна 1993-жылы дебитордук карыздардын 1,1 миллиард сом карызын жоюп жиберген. Ошол эле аракетин быйыл да улантканы турат. 1-сентябрга карата карыздардын жалпы көлөмү 2,2 миллиард сомго жетти.

Жаныш Рустенбековдун айтымында, карыздардын кыйласын кечип ийишкен бөлүштүрүү компаниялары электр станциялары – улуттук электр тармактарынын алдында карыз болуп калышты. «Бул жерде кандай логика бар? Компаниялар карыздарын кантип жабышат?» деп суроо коёт депутат Ж.Рустенбеков:

- Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда карыздардын көлөмү 41% жогорулады. «Түндүкэнерго» менен «Ош энерго» акционердик компанияларынын карызы баарынан көп.

Анын айтымында, ушу тапта «Көмүр» мамлекеттик ишканасынын кампасында жетиштүү көмүр сакталып турат. Аны керектөөчүлөргө жеткирүү ишин уюштуруу, каржылоо маселеси чечилбей келатат. Ж.Рустенбеков "Бишкек жылуулук борбору" сындуу отунду көп жаккан ишканага четтен кымбат көмүр сатып алып келүүнүн артында таасирдүү чөйрөлөрдүн тар кызыкчылыгы турат деп эсептейт. А эгер жергиликтүү шахтыларды иштетип, элди жумуш менен камсыз кылып, көмүр казып алууну мыктылап уюштурганда өлкө коңшуларга күнкор болуудан кутулмак:

- Тилекке каршы, ушу кезге чейин өкмөттүн "Бишкек жылуулук борборуна" көмүр, газ, мазут сатып алууну жөнгө салуу аракетин жасайын деген ою жок.

Быйылкы кыш сыноосуна даярдык Кыргызстанда шайма-шай жүргөн жок. Өзбекстандан газ сатып алуу боюнча башкы келишим түзүлө элек. Дебитордук карыздардын төөбастысында калган энергокомпаниялардын жетиштүү оңдоо-түзөө жумуштарын жасоого буямасы келбеди.
XS
SM
MD
LG