Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:02

КОНСТИТУЦИЯНЫН КЫРГЫЗЧА-ОРУСЧА ТЕКСТТЕРИНДЕГИ АЙЫРМАЧЫЛЫКТАР


Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын 21-сессиясынын биринчи этабынын акыркы күнүндө 2003-жылы референдумда кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясынын кыргызча жана орусча тексттеринин ортосунда бири-бирине дал келбестик бар экендиги жарыяланды. Бул келечекте юридикалык туңгуюкка алып келбеш үчүн маселени комиссия түзүп иликтөө сунушталды.

Кыргызстандын мыйзамдарынын кыргызча-орусча тексттеринде дал келбестик сейрек эместиги көп айтылып келатат. Бирок ага жол бербөөгө чаралар көрүлө элек. Депутат Каныбек Иманалиевдин айтымында, бул маселени чечүү үчүн бирдиктүү котормо борборун уюштуруу зарыл. Ансыз ар бир бийлик бутагынын, министрликтин өзүнчө котормо булактары болуп, мына ошондон дал келбестиктер чыгууда.

Өткөн жума соңунда депутат Исхак Масалиев Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясында өлкөнүн Башмыйзамынын кыргызча-орусча тексттеринин 56-беренесинин 2-бөлүгүндө, 58-беренесинин 29-бөлүгүндө жана 65-беренесинин 6-бөлүгүндө дал келбестиктер бар экенин жарыялады.

Конституцияны ачып, 56-берененин 2-бөлүгүнө токтолсок. Анын кыргызча тексттинде “атайлап кылмыш жасап соттолгон, соттолгондугу мыйзам чегинде жоюлбаган атуул Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлана албайт” деп жазылган.
Ал эми орусча тексттинде “атайлап” деген сөз түшүп калган. "Демек кокусунан, байкабастан кылмышка кириптер болгон инсан Конституциянын орусча текстти боюнча парламентке шайлана албайт", дейт Исхак Масалиев.

Ал эми 58-берененин 29-бөлүгүндөгү айырмачылык Акыйкатчынын отчётуна байланыштуу. Кыргызча вариантында Акыйкатчы ар жыл сайын отчёт берет десе, орусчада докладын угат гана деп жазылып калган. Парламенттин шартында доклад менен отчёттун мааниси чоң. Анткени доклад жөн гана угулуп коюлса, отчётту уккандан кийин ага баа берилет.

65-берененин 6-бөлүмүндө болсо Конституциялык мыйзамдарды, чек араны өзгөртүүгө байланыштуу мыйзамдарды кабыл алууга байланыштуу жоболор жазылган. Анын кыргызча текстинде мындай маанидеги мыйзамдар “экиден кем эмес окууда кабыл алынат” деген норма жазылбай калган. Ал эми орусчасында андай норма бар.

Бул дал келбестиктерди жоюп, абалдан чыгуунун жолу тууралуу Исхак Масалиев мындай пикирде:

- Бул маселени чечүүнүн мындай жолун депутаттар сунуш кылды. Алар президентке кайрылып, редакциялык коллегия түзүп, кыргыз тили мамлекеттик тил болгондуктан, ага таянып орус тилиндеги текстти кыргыз тилиндеги текстке дал келтириш керек.

Бирок мындай жол менен баруу мүмкүн эместигин депутаттар жакшы билип турушат.

Анткени “Референдум жөнүндөгү” мыйзамга ылайык референдумда кабыл алынган тартипти референдум аркылуу гана өзгөртүү мүмкүн. Ошондуктан Конституциянын тексттерин дал келтирүү үчүн дагы бир референдум жарыяланыш керек. Бирок ага жол бербөө үчүн “Референдум жөнүндөгү” жаңы мыйзамды кабыл алып, анда Конституцияны Жогорку Кеңеш өзгөртө алат деген норманы киргизүү жеңил жол болот, дейт Исхак Масалиев.

Анын айтымында, мындай кемчилик Конституциялык реформаны өткөрүүдө шашкандыктан жана эксперттик топтун ишинин начардыгынан келип чыкты.

Бирок 2003-жылдагы Конституциянын жаңы редакциясын иштеп чыгуу максатында түзүлгөн эксперттик топтун мүчөсү, Улуттук университеттин юридикалык факультетинин деканы Серикул Косаков, Конституциянын түп нускасы орус тилинде жазылганын билдирип, аны которууда кемчиликтер кетирилген деген пикирде:

- Жакшылап которуш керек болчу. Анын үстүнө которуу учурунда бизди чакырган эмес. Кыргызча жакшы билген юристтерди чакырышкан эмес.

Анын айтымында, Конституция алгач орус тилинде жазылгандыктан, орус тилиндеги нускасы туура болуп эсептелет.

Президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Болот Жанузаков бул маселени саясатташтырбай эле чечүүгө болот, деген пикирин билдирди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG