Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:45

Жалалабадда Октябрь революциясынын күнүн белгилешти


ЖАЛАЛАБАД. Кыргызстан Коммунисттер партиясынын облустук комитетинин 30га жакын мүчөсү Октябрь революциясынын 87-жылдыгын Жалалабаддагы В.Лениндин эстелигинин алдында өткөрүштү. Коммунисттер эстеликке гүл коюу менен Октябрь төңкөрүшү жана совет биримдигинин Кыргызстанга тийгизген таасирин белгилешти. Митингде коомдук менчиктин жеке адамдарга өтүп, өнөр жай ишканалары иштетилбей, чет элдик кредиттер максаттуу пайдаланылбаганы, социалдык-экономикалык абалдын начардыгы сынга алынды. Коммунисттер ошондой эле энергетика тармагын менчиктештирүүгө каршы экендигин билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG