Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:50

Македонияда бүгүн жалпы элдик референдум өтүүдө


Эл аралык байкоочулар шайлоого эл өтө аз келип жатканын билдиришти. “Македония батышчыл багытын өзгөртпөй калабы? Албан азчылыгынын укуктарын дагы кеңейтелеби?” Бул эки суроо референдумдун негизинде аныкталат.

Добуш берүүгө шайлоочулардын жарымынан азы чыкса, референдум өткөн жок деп табылып, албандар көпчүлүктү түзгөн жерлерде аларга билим берүү, саламаттыкты сактоо жана экономика тармактарын контролдоо укугун берүү жөнүндөгү мыйзам өтпөй калат.

Өкмөттүн жана батышчылдардын айтышынча, сунуш өтпөй калса Македония эларалык курчоого кабылат. Улутчулдар мыйзам өлкөнү улут-улутка бөлүп, албандар арасында жикчилдик маанайды күчөтөт дешүүдө.

Македония калкынын төрттөн бирине жакыны албандар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG