Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:46

Йасир Арафаттын абалы белгисиз... Палестинада бийлик талашка түштү


Палестиндердин ХАМАС куралдуу тобунун билдиришинче, палестин партиялары менен премьер-министр Ахмед Курейинин өкмөтү төрага Йасир Арафаттан кийинки автономиянын биргелешкен жетекчилиги боюнча жалпы пикирге келише элек.
Бу билдирүүнү ХАМАСтын өкүлү Мушир ан-Насри бүгүн Газа шаарында жасады.

Арафат өткөн жумада Францияга шашылыш дарыланууга жеткирилгенден бери палестин жетекчилиги бир нече жолу саясый жана коопсуздук маселеси боюнча жашыруун жыйындарды өткөрдү.

Француз дарыгерлери төрага Арафаттын саламаттыгы өткөн жумада эмне себептен күтүүсүз начарлап кеткени жөнүндө алиге корутунду билдирүү алиге жасай элек.

Бүгүн эрте менен Израилдин коргоо министри Шаул Мофаз өкмөттүк кеңешмеде кокус Йасир Арафаттын көзү өтүп кетсе, Газада анын сөөгүн жерге берүүнү коопсуздук күчтөрү камсыздоого толук даяр экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG