Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:56

Француздардын 9 жоокери курман болду


Батыш Африкадагы Ивори Кост мамлекетинин борбору Абижанда бүгүн катуу жардыруу болду. Бу тушта миңдеген демонстранттар француз аскерлеринин ээлигиндеги борбордук аэропортту көздөй баратышкан.

Мурдараак козголоңчулардын колундагы Буаке шаарындагы француз тынчтык күчтөрүнүн базасына өкмөттүк учактар чабуул жасап, француздардын 9 жоокери курман болду. Француз күчтөрү каршы чабуулда өкмөттүк эки учакты жана үч аскерий тик учарды жок кылышты.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши француз жоокерлерин өлтүрүүнү айыптап, Ивори Косттун өкмөтүн аскерий аракеттерин токтотууну талап кылды.

Ивори Костто азыр Франция менен БУУнун 10 миңдей тынчтык күчтөрү бар. Алар өкмөт башкаруусундагы түштүк менен адватчылар ээлигиндеги түндүк ортосунда 2002-жылкы граждандык согуш учурунда жайгаштырылган. Франция бүгүн эле Ивори Костко дагы бир нече жүз аскерин жөнөттү.

XS
SM
MD
LG