Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:51

Иран жана Евробиримдик ымалага келишти


Иран жана Европа кеңешинин өкүлдөрү Парижде болгон 2 күндүк сүйлөшүүдө Ирандын өзөктүк программасы боюнча өз ара мунасага жетишти.
Ирандык өкүл Зусейн Мусавиян эки жактын сунуштарын камтыган келишимдин долбоорун эми Иран, Британия, Германия жана Франция өкмөттөрү талкуулаша турганын билдирди.

Евробиримдиктин талабына ылайык Иран уранды байытууну Атомдук энегрия боюнча эларалык агенттиктин 25-ноябрда өтчү жыйынына чейин токтотушу шарт. Непада бу талап аткарылбаса, БУУнун Коопсуздук Кеңеши Тегеранга каршы экономикалык санкция жарыялашы мүмкүн. Байытылган уран атомдук реакторго отун же атомдук бомбага дүрмөт ирети колдонулат. Иран анын ядролук программасы аскерий максатты көздөбөгөнүн үзбөй айтып келет.

XS
SM
MD
LG