Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:49

АПТАНЫН МААНИЛҮҮ ОКУЯЛАРЫ: БИЙЛИК, КОРРУПЦИЯ ЖАНА ОППОЗИЦИЯ


Президент Аскар Акаев эларалык уюмдарды Кыргызстандагы абалга калыс баа бербей жатат деп сынга алды. Анын пикиринде бийликтин коррупцияга каршы жең түрүнө күрөшүп жаткандыгын «Трансперенси интернешнл», «Фридом Хауз», Дүйнөлүк банк сыяктуу уюмдар татыктуу баалабай жатат. Аптанын соңунда өзүнүн уюштуруу курултайын өткөргөн «Кыргызстан элдик кыймылынын» төрагасы, экс-премьер-министр Курманбек Бакиев болсо өз сөзүндө бүгүнкү бийлик коррупцияга баткандан улам өлкөдө абал оорлоп бараткандыгын белгиледи.

3-ноябрда Бишкекте Кыргызстанга акча берип келаткан донор эларалык уюмдардын жана мамлекеттердин консультативдик кеңешме жыйыны өттү. Анда Дүйнөлүк банктын макулдугу менен Кыргызстан акыркы үч жылда аткарып келген Жакырчылыкты кыскартуу боюнча улуттук стратегиянын жыйынтыгы жана четтен алынган кредит, жардамдардын канчалык майнап бергени тууралуу маселелер талкууланды.

Жыйында сөз сүйлөгөн Дүйнөлүк банктын вице-президенти Шигео Катсу, Дүйнөлүк банктын Борбор Азия аймагы боюнча директору Денис де Трей жана башка бир катар донор мамлекеттердин, эларалык уюмдардын өкүлдөрү Кыргызстандагы абалга өз баасын беришти. Дароо эле айтып коёлу - жыйында сүйлөгөн эларалык эксперт, экономисттердин көпчүлүгү Кыргызстандагы коррупциянын деңгээлине өз тынчсызданууларын билдиришти. Мисалы, Дүйнөлүк банктын вице-президенти Шигео Катсу мырза өлкөдө башкаруу системасы аксап жаткандыгын, буга коррупция катуу тоскоолдук кылып келаткандыгын айтып, бийликти сынга алды.

Ушундай эле пикирди МВФтин миссиясынын башчысы Тапио Саавалайнен, Франциянын, Жапониянын өкүлдөрү жана башкалар билдиришти. Ал ойлорду жыйынтыктай келгенде - четтен берилип жаткан акчалар реалдуу экономиканы оңдоп, эл турмушун жакшыртпай жатат. Донорлор берген акчалары карапайым калкка жетпей жатканын белгилешти.

Консультативдик кеңешке катышкан президент Аскар Акаев эларалык уюмдар Кыргыз бийлигинин коррупцияга каршы жарыялаган күрөшүнө татыктуу баа бербей жатканына нааразы болду.

Мамлекет башчысынын айтымында Кыргызстанга баа берген учурда эларалык уюмдар эскирген метод-ыкмалардын жардамы менен эсептөөлөрдү жүргүзүүдө.

"Ал эми «Трансперенси интернешнл» уюму болсо Кыргызстандагы коррупциянын деңгээлине баа берген учурда кандай эсептөөлөргө таянаарына мен түк түшүнбөй койдум, биз канчалык коррупцияга каршы жең түрүнө күрөшүп, абалды жакшырткан сайын бизди дүйнөдөгү эң таза, коррупциясы жок деген, тизме башындагы Финляндиядан алыстатууда" деп нааразы болду президент Аскар Акаев:

- Саавалайнен мырза коррупцияга каршы күрөштөгү Белорустун мисалын үлгү катары келтирди. Мен чын жүрөгүмдөн чындыгында эле КМШ алкагында Белорус коррупцияга каршы ийгиликтүү күрөшүп жаткан мамлекет экендигин белгилегим келет. Бирок президент Лукашенко мырза Сингапурдун президентинин ыкмасы менен иштеп жаткандыгын да унутпашыбыз керек, - деди президент Аскар Акаев Белорус бийлигинин кызыл камчы режимин кеңешменин катышуучуларынын эсине салып.

Кыргызстандын президенти андан аркы сөзүндө КМШдагы дагы бир кесиптеши – Грузиянын жаңы президенти Михаил Саакашвилинин «короосуна таш ыргытты».

Акаевдин ою боюнча Грузиядагы коррупцияга каршы күрөштөгү Кошмо Штаттардын бийлиги мактаган ийгиликтер Михаил Саакашвилинин эмес, мурдагы президент Эдуард Шеварднадзенин эмгеги экен:

Бул жерде Грузиянын мисалы тууралуу да сөз болду. Мен акыйкат үчүн айтып коёюн – Грузия Кошмо Штаттардын администрациясы тарабынан КМШ мамлекеттери арасынан «Миң жылдыктын чакырыктары» программасын мыкты аткарган жана коррупциясы өтө аз мамлекет катары бааланды. Мен ойлойм, бул ийгиликтер президент Саакашвилиге эмес, президент Шеварднадзеге таандык деп эсептешибиз керек. Президент Саакашвили мындай ийгиликтерди жаратыш үчүн дагы иштеши керек деп ойлойм.

Мындай сын-пикирлеринен кийин президент Аскар Акаев Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөшкө токтолду. Анын айтымында, демократиялык өнүгүү жолун тандаган Кыргыз бийлиги коррупцияга каршы Сингапурдун же Белорустун кызыл камчы режимдери колдонгон ыкмалар менен күрөшпөйт:

- Биз албетте, бул күрөштү демократиялык процесстерди андан ары тереңдетүү ишине айкалыштырып жүргүзүүнү көздөйбүз. Андыктан биз узак мөөнөттүү, оор эмгекке даяр болушубуз керек. Башкача айтканда биз Сингапур же Белорус көргөзгөн сыйкырга ишенбешибиз керек. Биз – жан аябай иштешибиз зарыл жана ага биз даярбыз.

Президенттин айтымында, ал үчүн мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгына жетишип, чиновниктер арасындагы коррупцияны тыюу керек. Ал кыргыз бийлигинин коррупцияга каршы күрөшүүсүнө мисал катары жогорку окуу жайларына Кошмо Штаттарынын АКСЕЛС программасынын күчү менен тестирлөөнүн киргизилишин жана саламаттык сактоо тармагына киргизилген кошумча төлөөлөр жакшы жемиштерди бергенин белгиледи.

Мындан тышкары президент Акаев Комплекстүү өнүгүүнүн негиздери программасы жана Жакырчылыкты жоюу боюнча улуттук стратегия дагы өз жыйынтыктарын бергенин, тышкы карыздарды реструктуризациялоо максатында Париж клубу менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр оң натыйжа берип жатканына токтолду.

Сөз аягында ал Жакырчылыкты жоюу боюнча улуттук стратегия – 2 деген программаны кабыл алууга баардык шарттар түзүлгөнүнө донорлорду ишендирди:

- Жакырчылыкты жоюу боюнча улуттук стратегия – 2 донорлук жардамдарды координациялай турган негизги механизм болуп калууга тийиш.

Консультативдик кеңештин теңтөрагалары Николай Танаев менен Денис де Трей жыйындын соңунда пресс-конференция өткөрүштү. Алар жакырчылыкты кыскартуу багытында алгылыктуу иштер жасалганын, макроэкономикалык туруктуулук ага жакшы шарт түзгөнүн айтышты. Ал эми коррупцияга каршы күрөшүш үчүн «Мамлекеттик кызмат жөнүндө», «Мамлекеттик кызматкердин декларация берүүсү жөнүндө» мыйзамдар кабыл алынган.

Президент Аскар Акаев эларалык уюмдарды сындоону 4-ноябрда Бишкекте өткөн «Кыргызстандын экономикалык өнүгүшүнүн келечеги» аттуу конференцияда да улантты. Ал жыйында Дүйнөлүк банктын башкы экономисти Прадип Митра Кыргызстандын экономикасын талдоого алган учурда бийликти сынга алып жана өлкөдөгү абалды Уганда, Непал өңдүү Африка мамлекеттеринин өнүгүшү менен салыштырган.

Мындай талдоо - кыргыз бийлигинин намысына катуу тийди көрүнөт - Аскар Акаев өз сөзүндө эларалык уюмдар талдоо жүргүзүүнүн усулун өзгөртүүгө тийиш деген сунушун айтты.

Президент Дүйнөлүк банктын башкы экономистине ал өз талдоосунда "иштин жөнүн билбей туруп сын айта бербеген "Фридом Хауз" уюмунун иликтөөлөрүнө таянганына" нааразы болду.

Бирок Кыргызстандагы коррупциянын деңгээлинин жогору экенин бир эле «Трансперенси интернешнл», «Фридом Хауз» же Дүйнөлүк банк айтып отурган жок. Мисалы донорлордун 3-ноябрда өткөн жыйынына катышкан көпчүлүк эксперттердин катарында Франциянын өкүлү Патрик Ле Готье дагы болду. «Азаттыктын» кабарчысына берген интервьюсунда Патрик Ле Готье мырза Кыргызстанда коррупция өтө эле жогорку деңгээлде экени тууралуу маалыматтарды көп укканын айтты:

- Мен эле эмес, Франция өкмөтү да кыргыз бийлигин коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө чакырат. Менин маалыматтарым боюнча коррупция силерде аз эмес деңгээлде. Балким тигил же бул мамлекеттеги коррупциянын деңгээлине баа берген эларалык уюмдардын баасы дайыма эле туура чыкпастыр. Бирок «Трансперенси интернешнл» кайсы бир деңгээлде олуттуу иш жүргүзөт, - деди Франциянын өкүлү Патрик Ле Готье.

Кыргызстандын экономиканы өнүктүрүү министри Амангелди Муралиев да «Азаттыктын» кабарчысына берген интервьюсунда Кыргызстандын өнүгүшүнө коррупция тоскоолдук кылып жатат, бирок ага каршы күрөш жүргүзүлгөнү менен аны такыр алсыратып жибергидей мүмкүнчүлүк болбой жатат деди.

Ал эми «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун президенти Төлөйкан Исмаилова "Азаттыкка" сөз эркиндиги, соттордун эркиндиги болбоюнча, жарандык коомдун өкүлдөрү мамлекеттик маанилүү чечимдерди кабыл алууга таасир тийгизмейинче коррупцияга каршы өкмөт жүргүзүп жаткан иштер майнаптуу жемиш берерине ишенбей турганын айтты.

Президент Акаев жакында өзүнүн жардыгы менен Акыйкат башкаруу боюнча улуттук кеңешти жойгон эле. Бийликтин пикиринде улуттук кеңеш коррупцияга каршы күрөштүн эффективдүүлүгүн арттыруу үчүн жоюлду. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун президенти Төлөйкан Исмаилова айымдын пикиринде мындай кеңеш, комиссиялардын түзүлүп, жоюлушу деле иштин абалын оңдоп жиберүүгө таасир бере албайт.

Эми мындан аркы сөз "Кыргызстан элдик кыймылынын" уюштуруу курултайы тууралуу.

5-ноябрда Бишкекте «Кыргызстан элдик кыймылынын» уюштуруу курултайы өттү. Ага өлкөнүн аймактарынан келген 262 делегат, ОБСЕ, ПРООН, NDI сыяктуу эларалык уюмдардын, элчиликтердин өкүлдөрү, Мисир Ашыркулов, Медеткан Шеримкулов, Дастан Сарыгулов өңдүү таанымал саясатчылар катышты.

Оппозициялык маанайдагы саясий биримдиктин төрагалыгына экс-премьер-министр, Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Бакиев шайланды. Фамилиясы «Б» тамгасы менен башталган төраганын орун басарлыгына фамилиялары жалаң «Б» менен башталган үч адам - экс-министр Ишенгүл Болжурова, «Асаба» партиясынын төрагасы Азимбек Бекназаров жана Кыргызстан коммунисттер партиясынын жетекчилеринин бири Николай Байло шайланышты. Айрым талдоочулар «А» тамгалуу адамдан кийин бийликти «Б» тамгалуулар алалы деп жатышса керек деп жоромолдошту бул көрүнүштү.

Эгер курултайдын өзүнө келсек – анын катышуучулары алдына албан-албан максат коюп, аны турмушка ашырууга катуу камданып калгандай таасир калтырды. Жакынкы максат катары – парламенттик шайлоодо ар бир округга «Кыргызстан элдик кыймылынын» бирден мүчөсүнүн талапкерлиги коюлуп, Жогорку Кеңешке шайлоодо жеңишти колго алуу белгиленди. Аны турмушка ашырышты кыймылдын 17 кишиден турган Борбордук кеңеши жетекчиликке алмак болду. Ал Борбордук кеңештин аткаруу комитетинин башчылыгына саясий ишмер Үсөн Сыдыков шайланды.

«Кыргызстан элдик кыймылынын» алдадыга максаттары анын төрагасы Курманбек Бакиевдин жасаган докладында ачык айтылды. «Эң негизи максат, - деди экс-премьер-министр, - өлкөдөгү конструктивдүү күчтөрдүн башын кошуп, парламенттик шайлоодо жеңишке жетишүү»:

- Бизди элдик мандат үчүн өтө оор, кээ бир учурларда өтө катаал күрөштөр күтүп турганын жакшы билебиз. Ошондуктан баардык күч-аракетти, колдо бар мүмкүнчүлүктөрдү ушуга жумшашыбыз керек. Ынтымак менен гана максатыбызга жетебиз. Биз шайлоо мыйзамдарын кыйшаюусуз аткарабыз, атаандаштарды да аны так сактоого чакырабыз.

Курманбек Бакиев өлкөдө түзүлгөн азыркы оор экономикалык-социалдык абалдан чыгуунун жолу катары – бийликтин Конституцияга жараша тынч жол менен алмашуусун эсептейт:

- Өлкө өзгөрүүгө муктаж. Азыркы оор экономикалык абалдан чыгыш үчүн конструктивдүү кайра түзүүлөр жана кардиналдуу аракеттер зарыл. Өлкөнүн өзгөрүшү жана өнүгүшү үчүн стратегиялык жана тактикалык жактан бир катар иштерди жүргүзүү керек. Ал үчүн Конституцияга жараша адилет, таза жана демократиялык жол менен өткөн шайлоо аркылуу бийликтин алмашуусу зарыл.

Курманбек Бакиев мамлекеттин мындай оор абалына башкы себептердин бири катары коррупциянын гүлдөп, тамырлап кетишин атады:

- Өлкөдө барган сайын башкаруунун авторитардык ыкмасы күчөп баратат. Мамлекетти жетектөөдө демократиянын принциптеринен акырындап кетенчиктөө уланууда. Өкмөттүк органдардын саясатын колдобогон коомчулуктун жана атуулдук коомдун өкүлдөрү кысымга алынууда. «Кыргызстан –адам укугун урматтаган өлкө», акыйкат башкаруу, аникоррупциялык саясат сыяктуу ураан-чакырыктар дээрлик аткарылган жок.

Ал эми «Жаңы Кыргызстан» партиясынын төрагасы Нур уулу Досбол бийлик эмитеден парламенттик шайлоого мыйзамдарды бузуу менен киришип калгандыгын белгилеп, кыймылдын мүчөлөрүн татыктуу жана таза күрөшкө чакырды.

Курултай өзүнүн резолюция-чечимин кабыл алды. Кыймылдын төрагасы Курманбек Бакиев Кыргызстандагы оор социалдык-экономикалык абалдан чыгуу үчүн өлкөдөгү конструктивдүү күчтөрдү биригүүгө чакырда.

XS
SM
MD
LG