Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:08

ЖАҢЫ МЫЙЗАМ ЖУРНАЛИСТТЕРДИН УКУКТАРЫН КЕПИЛДЕЙ АЛАБЫ?


Кыргызстанда жакында маалымат алуу эркиндиктерин кепилдеген мыйзам иштеп чыгуу максатында атайын жумушчу топ түзүлдү. Президенттик администрациянын өкүлдөрү мындай демилгенин пайда болушун мыйзамды өркүндөтүү, Конституциянын жаңы редакциясына ылайыктоо зарылдыгы менен байланыштырышууда. Мындай демилгеге ириде маалымат каражаттарынын өкүлдөрү тилектештик билдиришүүдө. Бирок, аталган мыйзам журналисттердин укуктарын кепилдей алабы? Бул суроо бүдөмүк бойдон калууда.

Кыргызстанда журналисттердин ишмердүүлүгүн аныктап, укугун коргоо багытындагы мыйзамдардын катары 1997-жылы “Маалымат алуу эркиндиктери жана кепилдиктери жөнүндөгү” мыйзам менен толукталган. Бул мыйзам ар бир атуулдун, анын ичинде журналисттин маалымат алуу укугун кепилдеп турат. Бирок, иш жүзүндө көпчүлүк журналисттердин тынчын кетирген жагдай дал ушул мыйзам менен тыгыз байланыштырылат. Маалымат таратуу тигил же бул мекеменин же кызматкерлердин калыптап алган эрежесине ылайык ишке ашат, башкача айтканда маалымат берүү же бербей коюу көпчүлүк жагдайда мыйзамдан көз каранды болбойт. Мындай көрүнүштөрдү жазылбаган мыйзам катары санаган журналисттер көп учурда маалыматты расмий эмес булактар аркылуу алууга жана аны пайдаланууга аргасыз болушат. Маселен, көз карандысыз “Аалам” гезитинин башкы редактору Чолпонбек Абыкеев мындай дейт:

- Маселен, мен Бишкек шаарына кара жолдун төшөлүшү тууралуу маалыматты эч жерден ала албай койдум. “Аалам” гезитинин кабарчылары канча азап чегип, кирбеген жери калган жок. Бирок, маалыматты бербейбиз деп эле эч жерден бербей коюшту.

“Журналист” бирикмесинин Ош, Жалалабад облустарында жүргүзгөн иликтөөлөрүнө караганда, журналисттер үчүн саясий өңүткө же жашыруун сырларга эле байланыштуу эмес, эң жөнөкөй маалыматтарды алуу да кыйынга туруп атат. Мындай талаш-тартыштарды сот аркылуу чечүүнүн жолдорун табуу керек, дейт бирикменин башчысы Кубан Мамбеталиев:

- Мамлекеттик кызматкер маалымат бербесе, аны кандай жол менен алыш керек? “Кат алып кел” деген мыйзамда жок, көрсөтүлгөн эмес. Бул кызматтан артыкча пайдалануу дегенге жатат. Анда аны сотко берүү керек. Бирок, бул боюнча азыр кийинкиге үлгү болорлук иштер жасала элек.

Бирок, көпчүлүк журналисттер жагдайды сот аркылуу териштире турган механизм жетишсиз деп санашат:

- Бизде басма сөздү сотко берген фактылар өтө көп кездешет, бирок, мага маалымат бербей койду деп сотко берген учур боло элек. Себеби мыйзамдарда маалыматты талап кылып алуу, бербей койсо сотко берүү механизмдери иштелип чыккан эмес, - дейт кесиптештеринин пикирин колдогон редактор Чолпонбек Абыкеев.

Маалымат алуу укуктары, кепилдиктери тууралуу мыйзамды өркүндөтүү үчүн түзүлгөн топтун башчысы, президенттик администрация башчысынын орун басары Болот Жанузаковдун айтымында, келерки иштелип чыккан мыйзам дал ушул маалымат каражаттары айтып келаткан өксүктөрдү жоюу максатын көздөйт. Башкача айтканда, журналисттердин укуктары, мамлекеттик кызматчылардын жоопкерчиликтери дагы бир ирет такталат. Мыйзамда мамлекеттик сырга байланышкан жоболор өзгөрбөйт, бирок, алардын так тизмеси берилет.

- Алар ошол эле бойдон сакталып калат. Мамлекеттик сырды кандай кылып сактап калышыбыз керек? Анын жөн-жайы кандай болот? Анын баары мыйзамга кире турган өзгөрүүлөрдө көрсөтүлүп турат. Кайсы маалыматтар мамлекеттик сыр болуп эсептелет? Ошол да ачык жазылат.

Болот Жанузаковдун айтымында, долбоор качан даяр болору, азыркы парламенттин талкуусуна сунушталабы жаңы парламентке берилеби, муну жумушчу топ иштин жылышына жараша чечет.

Маалымат каражаттарынын өкүлдөрү дээрлик президенттик администрациянын бул демилгесин кубаттап жатышат. Бирок, мурдагы кемчиликтердин кайталанышына жана бийликтин кызыкчылыгын коргоп, журналисттердин укуктарына доо кетирген жоболордун өтүп кетишине жол бербеш үчүн көз карандысыз журналисттерди жана жарандык коомду долбоорду даярдоого көбүрөөк катыштыруу керек дешет.
«Журналист» коомдук бирикмесинин жетекчиси Кубан Мамбеталиев болсо алдыдагы саясий окуяларга байланышпаган мыйзам болушун каалайт:

- Эми Жанузаковдор иштеп жаткан мыйзам туура багытталса жакшы. Мамлекеттик кызматчылар туура эмес кылып атат дегендин ордуна журналисттерди тыюу аракетине түшсө, анда биз албетте, аларды сындайбыз.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG