Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:16

«Жаңы багыт» кыймылынын уюштуруу конференциясы өтөт


БИШКЕК. Кийинки аптада Бишкекте «Жаңы багыт» коомдук-саясий кыймылынын уюштуруу курултайы өтөт. Анда кыймылдын структурасы бекитилип, башкы органдарынын жетекчилери шайланат, саясий жана экономикалык платформасы кеңейтилген түрүндө жарыяланат. Бул тууралуу бүгүн Кыймылдын уюштуручуларынын бири Муратбек Иманалиев маалымдады. Кыймылдын саясий платформасында өлкөдө кадр саясатын өзгөртүү, бир палаталуу парламентти пропорционалдык-мажоритардык системанын негизинде шайлоо, облус, райондорду жойуп, алардын ордуна аймактарды түзүү, сотторду шайлоо аркылуу дайындоо, коррупцияга каршы чечкиндүү күрөшүү, улуттук баалуулуктарды калыптандыруу, армия менен тартип коргоо органдарын бекемдөө жана башка иш-чаралар каралган. “Жаңы багыт” кыймылынын курамына экс-министр Султан Медеров, Жогорку Кеңештин депутаттары Муратбек Мукашев, Исхак Масалиев, Ташполот Балтабаев жана башка коомдук ишмерлер кирген.

XS
SM
MD
LG