Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:31

АКШ аскерлери тарабынан чар тараптан камалоого алынган Фаллужа шаарынын чыгыш жана батыш чет жакаларында бүгүн (дүйшөмбүдө) кырчылдашкан салгылашуулар жүрүүдө. Дүйшөмбүгө караган түнү шаардагы башкы оорукана АКШ аскерлери менен аларга ынтымакташ ирактык жоокерлердин колуна өттү. Бүгүн Ирактын убактылуу премьер-министри Аййад Алави шаардагы козголоңчуларга каршы кургактыктагы аскерлердин чабуулуна уруксат берген соң, жаңы башталган бул согуш аракеттери кандай натыйжа берээр экен?

Абадан аскер учактары жана жерден танктар менен колдоого алынган жөө аскерлердин кайгуулдук сабы Ирактын Фаллужа шаарына ичкерилей жүткүнүүдө. Америкалык жана ирактык аскерлердин негизги тобу кечке чейин өз саатын күтүп шаардын чет жакаларында бугуп турду.

Козголоңчулар аскерлерге каршы автомат, граната аткыч жана пулеметтор менен тынбай ок жаадырууда.

Кабарчылардын айтымында, АКШнын замбиректери жана аскер учактары каршылаштарынын чордонун карай улам күчөп аткылоодо.

Ал эми Багдадда болсо Ирактын убактылуу өкмөтүнүн башчысы Аййад Алави (Iyad Allawi) жекшембиде жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 18ден тартып Фаллужа менен Рамадиде коменданттык саат киргизди, дүйшөмбүдө болсо аскерлерге Фаллужа шаарындагы козголоңчулардын уюгун ойрон кылуу үчүн кургактыктагы чабуулду баштоого буйрук берди.

Бул тууралуу ал дүйшөмбүдө кабарчыларга мындайча тастыктады:

- Мен эл аралык аскер күчтөрүнө буйрук бердим. Мен ирактык аскерлерге эл аралык күчтөрдүн өнөктүгүн жетектөөгө буйрук кылдым. Биз Фаллужаны террорчулардан тазалоону чечтик.

Алавинин айтымында, жекшембиде жарыяланган коменданттык саат Фаллужада кала берген карапайым кишилерди коргоо максатын көздөйт.

Он миңдей америкалык жоокерлер жана так саны айтылбаган ирактык жоокерлер Фаллужаны курчоого алып турат. Алар үчүн Фаллужадагы салгылашуунун башкы эки мүдөөсү бар: биринчиден, шаардагы коопсуздукту калыбына келтирип, январ айына белгиленген жалпы шайлоолорго шаар калкынын катышуусун камсыз кылуу. Экинчи мүдөө - расмий Багдад террорчу деп санаган козголоңчу күчтөрдү мүмкүн болушунча көбүрөөк жок кылуу.

Фаллужадагы аскердик иш-чаранын жетекчиси – мындагы АКШнын тандалма деңизчи аскерлеринин башчысы, генерал-лейтенант Жон Саттлер (John Sattler) жекшембиден тартып чабуулга даярданган жоокерлер менен үзгүлтүксүз жолугуп, аларга дем берип келет. Маселен, дүйшөмбүдө ал ирактык атайын аскерлер тобу менен жолугуп, мындайча шыктандырган сөздөрү менен аларга кайрылды:

- Сиздер биргелешкен машыгуу маалында өзүңүздөрдүн чыныгы каармандык рухуңуздарды көрсөттүңүздөр. Эми бул рухубузга таянып, Фаллужаны шаардын тургундарына кайра кайтаруу үчүн жүргүзүлө турган салгылашууга кирмекчибиз.

Фаллужадагы ийгиликтүү аяктаган алгачкы иш-чара – шаардагы оорукананы каратып алуу болду. Премьер Аййад Алавинин айтымында, дүйшөмбүгө караган түнү жүзөгө ашырылган бул өнөктүк маалында чет өлкөлүк төрт жоочу колго түшүрүлгөн жана 38дей жоочу өлтүрүлгөн.

Айрым америкалык колбашчылар Фаллужа шаарын толук каратуу Ирактагы козголоңчулардын ойрондолушу үчүн бурулуш окуя болот ко деп үмүттөнүүдө.

Бирок бул пикирге макул болбогон аскер адистери да жок эмес. Маселен, баш кеңсеси Лондондо жайгашкан «Жейнс Дефенс Уикли» (Jane's Defense Weekly) журналынын редактору Ян Кемп (Ian Kemp) мырза «Азаттыкка» мындай деп айтат:

- Фаллужанын айланасындагы аскердик өнөктүктү чечүүчү салгылашуу катары саноого үмүттөнгөндөр өтө терең жаңылышат, анткени козголоң аракеттери өлкөнүн бүткүл аймагында жүрүүдө. Маселен, британдык «Кара кайгуул» (Black Watch battle group) тобунун өткөн бейшембиде курман болгон жоокерлерине катылгандардын Фаллужадагы козголоң окуяларына эч тийешеси жок болчу.

Пентагондун маалыматына караганда, Фаллужада бери дегенде бир миң, эң көп дегенде алты миң козголоңчу топтолгон. Алардын арасында мурдагы президент Саддам Хусейндин тарапкерлеринен тышкары, иорданиялык террорчу Абу Мусаб аз-Заркави жетектеген чет өлкөлүк исламчы жоочулар тобу да бар экендиги жоромолдонууда.
XS
SM
MD
LG