Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:16

ЕККУ Македониядагы референдум европалык стандарттарга ылайык өттү деп эсептейт


Өлкөдөгү улутчул күчтөрдүн демилгесине ылайык жекшембиде өткөрүлгөн референдум ийгиликсиз аяктаган эле. Добуш берүүгө болгону калктын 26%ы эле келген. Алар референдум аркылуу Македонияда азчылыкты түзгөн албандардын укугун кепилдеген мыйзамды жокко чыгарууну көздөшкөн. АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Ричард Баучер Вашингтондогу басма сөз жыйында мындай деди:

-Биз Македониянын элин жана шайлоочуларын референдумду эл аралык стандарттарга ылайык өткөргөнү менен куттуктайбыз. Добуш берүү македониялыктар евро-атлантикалык интергациядан тайбасын дагы бир жолу ырастады.

ЕККУнун пикиринде, референдум айрым бир мыйзам бузуулар орун алганы кабарланганы менен жалпысынан европалык стандарттарга жооп берди.
Референдумду бойкоттого элди Македониянын өкмөтү да чакырган. Албандардын укугун кеңейтүү планы Македониянын өкмөттүк аскерлери менен албандардын 2001-жылдагы кагылышуусун токтотууда макулдашылган иштердин бири болчу.

XS
SM
MD
LG