Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:51

Палестин жетекчилеринин тобу Парижге келди


Париждин жанындагы ооруканда оор абалда жаткан палестин лидери Ясир Арафатты көрүү максатында келген делагациянын курамында премьер-министр Ахмед Корейи, тышкы иштер министри Набил Шаас, Палестинаны Боштондука чыгаруу уюмунун баш катчысы Махмуд Аббас бар. Палестин лидеринин жубайы Суха Арафаттын каршылыгына байланыштуу алар адегенде дүйшөмбү күнгө белгиленген сапарын токтотушканы маалымдалган эле. Ал палестин жетекчилеринин Парижге келүүсүн Арафатты "тирүүлөй көмүү" аракети катары баалаган. Бирок палестин лидеринин кеңешчилеринин бири Мохаммад Рашид жетекчилик өкүлдөрүнүн Арафаттын абалы менен таанышуу үчүн келиши улуттук кызыкчылыктагы иш экенин белгиледи:

-Бул өтө чоң, өтө чоң жоопкерчилик жана биз Арафаттын кеңешчилери, анын өкүлдөрү муну өз моюнубузга алалбайбыз. Бул үй-бүлөлүк жана президенттин кеңсесинин иши эмес. Бул - улуттук иш.

Ясир Арафат ооруканага мындан 11 күн мурда жаткырылган эле. Палестин премьери Ахмед Корейи баштаган өкүлдөрдүн бүгүн Парижде француз президенти Жак Ширак менен жолугушуусу да белгиленген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG