Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:17

9-ноябрда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны “Концессия жана концессиялык ишканалар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды. Ага ылайык мамлекеттин колунда 2/3 акциясы бар акционердик коомдорду концессияга берүүгө жол ачылат.

“Концессия жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө оппозициялык маанайдагы депутаттар кескин каршы чыгып, маселени кароону дээрлик бир айдан бери үзгүлтүккө учуратып келишкен. Алар бул мыйзамга өзгөртүү киргизүү аркылуу өкмөт энергетика тармагын менчиктештирүүгө өз алдынча барат, деп чочулашкан.

Бирок акыркы жумада өкмөт оппозициялык депутаттар менен тыгыз иштеп, алардын бир катар сунуштарын кабыл алды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Равшан Жээнбеков мындай маалымат берди:

- Урматтуу депутаттар, сиздер тапшырма бергенден кийин, бир катар депутаттар менен отуруп, өкмөттү да, парламентти да канааттандырган вариантты иштеп чыктык.

Мыйзамдын макулдашылган вариантына ылайык өкмөт өз колунда 2/3 акциясы бар ишканананы концессияга, маселен, “Түндүкэлектро” акционердик коомун, Жогорку Кеңештин макулдугу менен гана бере алат. Концессияга алган тарапка мүлктү өткөрүп берүүдөгү укуктук иштер келишим менен аныкталат. Ал келишимди да Жогорку Кеңеш бекитет.

Оппозициялык депутаттар мыйзамга концессияга алган тараптын мүлктү экинчи тарапка сатуусуна, башка бирөөгө өткөрүп берүүсүнө, ижарага берүүсүнө жана күрөөгө коюусуна акционердик коомдун, өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин макулдугусуз жол бербеген жоболорду да киргизүүгө жетишкен.

Бул жобо мыйзамдын төртүнчү беренесинде жазылган. Бирок макулдашылган варианттагы 4 беренени мындайча өзгөртүүнү депутат Темир Сариев сунуштады:

- Төртүнчү берене. Бизге жакшы жазылгандай көрүнүп турат. Бирок бул жерде маселе бар. Андагы Жогорку Кеңеш макулдук берет деген жобону алып салсак оң болчудай. Анткени бул ишти жеңилдетет.

"Эгерде Сариевдин сунушун депутаттар колдосо - ал өкмөткө жагымдуу болот", деп белгиледи Равшан Жээнбеков.

Бирок буга оппозициячыл депутаттар кескин каршы чыкты. Борбордук трибунага чыккан Ишенбай Кадырбеков катуу тынчсыздануусун айтты:

- Урматтуу 17 депутат. Мен сиздерди ушул ишке үндөп келдим эле. Мени кечиресиңер. Азыр Сариевдин сунушу менен маселе кандай чечилери айкын болуп калды. Муну менен биз макулдашкан иштин баары бузулат. Эгерде Сариевдин сунушун четке кага албай калсак - анда айтаарым, мындан кийин мынабу отурган өкмөт менен эч качан макулдашууга барбашыбыз керек.

Абал кайрадан оорлошуп, оппозициялык маанайдагы депутаттар кайрадан каттоону талап кыла турган болуп калганда, жыйынга катышып отурган президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Болот Жанузаков сөз алды:

- Макулдашуу тобу жакшылап иштеп чыгып, бирдиктүү долбоорду алып чыккан. Ал баарын канааттандырат. Ошондуктан палатага алып чыгылган долбоордон эч ким эч кайда кетпейт, кеткен жок.

Мына ошондон кийин шектенүүлөр жоюлуп, Мыйзам долбоору беренелер боюнча талкууланбастан толугу менен коюлуп, конституциялык көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.

Бул мыйзам кабыл алынгандан кийин Ишенбай Кадырбековдун сунушу менен “Электр энергетика жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизилди. Ага ылайык эгерде керектөөчүгө электр энергиясы себепсиз берилбей калса - анда керектөөчү энергия компанияларын сотко берүүгө, жоопкерчиликке тартууга мүмкүнчүлүк алат. Бул мыйзамга президент тарабынан буга чейин вето коюлган эле. Депутаттар бүгүн Конституциялык көпчүлүк добуш менен ал ветону ашып түшүштү.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG