Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:59

САТЫБАЛДЫ ЖЭЭНБЕКОВДУ ЭСКЕРҮҮ


Султан Раев, Бишкек Кыргыз саясий Олимпинде жылдызы жылт этип жанып, бирок эрте өчкөн Сатыбалды Жээнбековдун өлүмү тууралуу ар кандай күдүк ойлор эл арасында айтылып келет. Кандай болгон күндө да ал саясатка аз убакыт гана аралашып калса да, өзүнүн бекем принцибин, атуулдук активдүүлүгүн, чыгаан инсан экендигин далилдей алды. Аз бирок саз жашап өткөн саясатчы жана чыгармачыл инсан Сатыбалды Жээнбековдун артында узун сабак сөз калды.

Сатыбалды Жээнбеков бу турмуштан эрте кетти. Өлкөдө чоң саясий чатак, Кумтөр алтынынын тегерегиндеги чыр-чатактар ырбап жатканда ал бу дүйнөдөн мезгилсиз кетти.

Бул табышмактуу өлүмдүн тегерегинде ар кандай божомолдор жүргөнүн жашырууга да болбос. Бүгүн бул маселеге кайрылбасак да, анын бу жашоодогу жаркын өмүрүнө, кыргыз саясатындагы көрүнүктүү ишмердүүлүгү тууралуу сөз кылып, бир чети саясатчы, бир чети кесиптешибизди эскерип коёлу деген ойдо турабыз.

Сатыбалды Жээнбеков кыргыз саясатына эгемендүүлүк жылдардын башатында келди. Ал Кыргызстандын демократиялык кыймылдын алдыңкы сабында турду дейт Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дооронбек Садырбаев:

- Сатыбалды Жээнбеков ХХ кылымдын аягындагы кыргыз саясатчыларынын жылдыздай болгон жаркын, туу жыгаар уулу болчу. Сатыбалдынын башка саясатчылардан айырмачылыгы - бул Европа менен Азиянын терең билимин өздөштүрүп алган. Ушул терең билимди турмушка ашыра турган өтө зор жөндөмдүүлүгү бар адам эле.

Кыргыз мамлекети эгемендүүлүк алган жылдары ал эркин Кыргызстандын мамлекеттик телерадиокомитетинин президенттигине дайындалып, демократиянын желаргысын жайылткан саясатчы катары таанылды. Ал эми 1991-жылдагы "путчта" эч бир кыйшаюсуз демократияны коргоп калуу үчүн тикесинен тик турган. Сатыбалды Жээнбеков кыргыз телекөрсөтүүсү аркылуу кыргыз элине карата кайрылууларды байма-бай бердирип, элди демократияны коргоп калууга чакырды.

Сатыбалды Жээнбековдун мына ушул өлкө үчүн эң кыйын мезгилдеги атуулдук каармандыгы өзгөчө сөзгө татыйт.

Кийин Сатыбалды Жээнбеков ар кандай саясий оюдардын курмандыгына учурап, бул жумушунан башка кызматтарга которулду. Саясий куугунтукка учурады. Ал ушул мезгил аралыгында өзүнүн курч публицист экендигин, эч нерседен жалтанбаган өткүр инсандыгын көрсөттү. Ал тууралуу публицист Кубан Мамбеталиев мындай дейт:

- Публицист катары 1991-жылдагы "путчта" Борбор Азиядагы мамлекеттик телерадиокомпаниянын ичинен биздин телекомпания көч башында турган. Ошондо бул киши эркектик позициясын көрсөтүп, президентти колдоп, "путчка" каршы чыгып, массалык маалымат каражаттарды колго кармап турган жигиттердин бири эле.

Сатыбалды Жээнбековдун курч саясий позициясын, принципиалдуулугун баалаган жердештери аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттыгына шайлашты.

Бул шайлоодо ага бийлик кысым көрсөтсө да акыры жеңип, элдик мандатка ээ болду. Парламентте курч-курч маселелерди коюп, өлкөнүн урунттуу проблемаларын парламенттин кароосуна алып чыкты. Айрыкча, ал Кумтөр алтын кенине байланышкан чырда өзүнүн атуулдук бекем позициясын көрсөттү. Ал жөнүндө Адахан Мадумаровдун пикири:

- Бул кишинин туруктуулугу, позициясы, аргументтери, ой жүгүртүүсү абдан бай эле. Ошондуктан бир эле шайлоо өткөндө 4 жолу эл кайра-кайра шайлап бергендиги, Сатыкемдин көзү өткөндө карапайым элдин ый-чууга түшкөндүгү. Ошондо бир топ кишилер биздин жаныбызда туруп айткан "эртең биз өтүп кетсек ушунча эл келет болду бекен" деген сөздөр болгон.

Сатыбалды Жээнбеков чындыгында эле кыргыз саясий турмушунан да, өмүрдөн да эрте кетти. Бирок ал эл эскерүүсүндө өчпөс жылдыздай жанып кала берди дейт замандаштары.
XS
SM
MD
LG