Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:56

«ДАСТАНДЫН» ОРУСИЯГА БЕРИЛИШИНЕ ЗАВОД ЖЕТЕКЧИЛЕРИ КАРШЫ


Сапар Орозбаков, Прага Жакында болуп өткөн Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясында палатанын депутаттары Бишкектеги «Дастан» заводунун мамлекетке тийешелүү 37% акциясын Орусиянын «Евразия Транс» компаниялар тобуна өткөрүп берүү тууралуу чечим кабыл алышкан болчу. Заводдун жетекчилиги бул чечимге каршы болуп, депутаттарды өз чечимин өзгөтүүгө чакырып жатат.

Заводдун жетекчилеринин билдирүүсүнө караганда «Дастан» өкмөттөн бир тыйын да жардам албай, өз алдынча бутка туруп келе жаткан өлкөдөгү бирден бир ишкана болуп эсептелет. Алар өз продукциясынын сапатын жогорулатып, быйыл Индиянын коргоо министрлиги жарыялаган тендерди утуп алышкандыктарын, аны менен аскер техникасын жасап жөнөтүү тууралуу 29 млн. доллар турган келишим түзүшкөндүктөрүн айтышат. Алардын айтымында, Индиянын коргоо министрлиги муну менен чектелип калбай, заводду кайра жабдып чыгуу үчүн 100-150 млн. доллар бермек болуп жатат.

Палата заводду Орусияга өткөрүп берүү тууралуу чечим чыгарганы менен, заводдун жетекчилерин айрым депутаттар да колдошот:

- Завод келечекте 1 млрд. сомго чейин аскер техникасынын жана граждандык продукциянын экспортун камсыз кыла алат. Ушундай сүт берип жаткан уйду союштун кереги барбы? Өкмөткө салык боюнча бир тыйын карыз болбосо... Соцфондго бир тыйын карыз болбосо... Ишин күндөн күнгө өйдөлөтүп баратса... «Дастанга» кызыккан мамлекеттер көп. Ал бизде жалгыз завод,–дейт депутат Болот Шерниязов.

Аталган маселени палатанын кароосуна Өнөр жайдын жана ишкерликтин стратегиялык өнүгүүсү комитети алып чыккан болчу. Комитеттин төрагасы Жаныш Рүстөнбековго кайрылганыбызда, ал заводдун жетекчилери «Индия менен келишим түздүк» деп коомчулукту алдап жатышат деген оюн билдирди:

-Индиянын заказы менен иштеп жатабыз деп жатышпайбы. Андай болушу мүмкүн эмес. Орусия менен аскер-техникалык келишим бар. Ал келишим боюнча ал башка өлкө менен келишим түзө албайт. Орусия менен гана түзөт.

Жаныш Рүстөнбеков «ишкана жакшы иштеп жатат» деген заводдун жетекчилери айткан маалыматты да төгүндөп, «Дастан» азыр өз кубаттуулугун болгону 40% гана пайдаланып жатат дейт. Жаныш Рүстөнбеков «ошол акцияларды өзүбүз сатып алалы деген завод жетекчилеринин ойлору болсо керек, ошон үчүн алар чуу чыгарып жатса керек» деп болжолдойт:

-Директордун да акция алайын деген ою бар го. Контролдук пакетти алып алса, заводдун ичиндеги металлдын бааарын сатышат да. Директор акциялардын контролдук пакетине ээ болгондон кийин эмне болорун көрүп жатпайбызбы. Фрунзе заводунда эмне калды? «Ала-тоо» бирикмесинде эмне калды? Эч нерсең калган жок да, –
дейт Жаныш Рүстөнбеков.

Мыйзам боюнча депутаттар кайсы ишкананы кимге сатуу тууралуу маселени чече алышпайт. Жаныш Рүстөнбековдун айтымында, эки өлкөнүн парламенттери ортосунда атайын комиссия түзүлүп, ал өкмөткө жардам берүү үчүн ушул өңдүү маселелерди карап жатат. «Дастан» тууралуу чечим өкмөткө сунуш иретинде чыгарылган чечим. Палата бул маселеге декабрда боло турган отурумунда кайра кайрылышы мүмкүн.

Прибор куруу заводу деген ат менен белгилүү бул завод 1956-жылы курулуп, деңиз аскери пайдаланчу жабдууларды чыгарат. Аны өлкөгө таанымал адам - мурда депутат жана президенттин кеңешчиси болуп жүргөн Султанбек Табылдиев жетектейт. Завод 1993-жылы «Дастан» акционердик коом болуп кайра түзүлүп, анын 63% акциясы жеке адамдарга сатылып кеткен. Калган 37% акцияны өкмөт тышкы карыз үчүн Орусиянын өкмөтүнө сунуш кылган болчу. Орусиянын өкмөтү мурда биздин өкмөт сунуш кылган 22 ишкананын ичинен жалгыз гана «Айнур» заводун өткөрүп алып, «Дастанга» анча көңүлдөнбөй койгон.
XS
SM
MD
LG