Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:33

Нарын мамлекеттик университетинин ректору шайланды


НАРЫН. 9-ноябрда Нарын мамлекеттик университетинин ректорун шайлоо болуп өттү. Ректорлук орунга эки адам - бири мурдагы ректор Алмаз Акматалиев, экинчиси аталган университеттин филология факультетинин деканы Али Турдугулов ат салышты. Ректорду шайлоого Нарын мамлекеттик университетинин профессордук окутуучулук курамынын 181 мүчөсү катышты. Жыйынтыгында 164 добуш менен Нарын мамлекеттик университинин ректору болуп экинчи ирет философия илимдеринин кандидаты, профессор Алмаз Акматалиев кайрадан шайланды.

Ректорду шайлоо боюнча уюштуруу комитетинин орун басары Салидин Калдыбаевдин айтымында 22-октябрда ректордук орунга документтерди кабыл алууну жарыялашкан. "Ага бүгүнкү шайлоого катышкан эки адам гана документ тапшырган" деди Салидин Калдыбаев.

XS
SM
MD
LG