Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Каракол шаарында басма сөз жана маалымат күнүнө арналган иш-чара өттү


КАРАКОЛ. Ысыккөл облусунун губернатору Токон Шайлиева жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн басма сөз күнү менен куттуктап, чыгармачылык ийгилик каалады. Губернатордун пикиринде облустун социалдык-экономикалык, саясий жана маданий турмушун таасын чагылдырууда басма сөздүн ролу чоң. Ошондуктан аз айлык менен иштеген жегиликтүү журналисттердин айлык акыларын 15 пайызга көтөрүү жана облустук басма сөздүн көч башындагы «Ысыккөл кабарлары», «Весть Ысыккуля» газеталарына бирден компьютер берүү караштырылууда. Иш-чаранын соңунда 32 журналистке миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды. Кошумчалай кетүүчү маалымат - облус боюнча 5 өкмөттүк, 6 эркин газета бар.

XS
SM
MD
LG