Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:58

«Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму президентке кайрылуу жолдоду


БИШКЕК. «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму бүгүн президент Аскар Акаевге, Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баековага "Арнамыс" партиясынын учурда абакта жаткан төрагасы Феликс Куловго байланыштуу кайрылуу жолдоду. Аталган уюм мамлекет башчысынан жана Конституциялык соттун төрайымынан Мыйзам чыгаруу жыйынынын сот-укук жана мыйзамдуулук маселелери боюнча комитетининин буга чейин Феликс Кулов боюнча кабыл алган токтомунун аткарылышын жана Феликс Куловдун жакында Жогорку сотко жолдогон арызынын адилеттүү каралышын түздөн түз көзөмөлгө алууну өтүнгөн.

Чүй облусуна караштуу Сокулук райондук соту ушул жылдын 13-августунда Феликс Кулов абактан 2005-жылдын ноябрь айында чыгат деген чечимин чыгарган. Ага нааразы болгон Феликс Кулов Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык боштондукка чыга турган күнү келгенин билдирип, Жогорку сотко арыз жолдогон.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын сот-укук маселелери жана мыйзамдуулук боюнча комитети мындан бир нече күн илгери Феликс Куловдун арызын карап, Куловго жаза берүүдө Кылмыш-жаза кодексинин айрым беренелери соттор тарабынан туура эмес колдонулган деген чечимин чыгарган.

XS
SM
MD
LG