Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

Жаштардын илимий форуму өттү


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Жаштар жана илим – Кыргызстандын келечеги» аттуу илимий форум өттү. Илим жана жаштар күнүнө карата уюштурулган бул жыйынга өлкөнүн бардык региондорундагы жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, жогорку окуу жайларынын студенттери, жаш окумуштуулар катышты. Форумдун алкагында Бишкектеги 7 жогорку окуу жайында "тегерек үстөл" жыйындары өтүп, аларда Кыргызстандагы жаштар саясаты, жаш окумуштуулардын маселелери, жаштардын билим алуу тармагындагы проблемалары талкууланды.

Жыйында жаштардын лидерлери менен таланттуу жаш окумуштууларга «21-кылымдын кадрлары» программасы боюнча сыйлыктар тапшырылды. Жыйындын соңунда Резолюция кабыл алынып, өлкөдө жаштар саясатын жакшыртуунун, жаш илимпоздо үчүн иштөө шарттарды түзүүнүн зарылдыгы жөнүндө белгиленди. Жаштардын илимий форуму өлкөнүн Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттик, туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитеттин демилгеси менен уюштурулду. Мындай жыйын мындан ары жыл сайын өткөрүлмөк болду.

Кыргызстанда 14төн 35 жашка чейинки жаштардын саны 1 млн. 954 миң.

XS
SM
MD
LG