Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:33

Түркия аскердик-техникалык жардам көрсөттү


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте өлкөнүн коргоо министрлиги менен Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын ортосунда Кыргызстанга 750 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү аскердик-техникалык жамдам көрсөтүү жөнүндөгү протоколго кол коюлду. Ага Кыргызстандын коргоо министринин орун басары Борис Югай жана Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын оорук башкармалыгынын жетекчиси Юрдайер Олжан кол койушту.

Протоколго ылайык жакынкы күндөрү Түркиядан Кыргызстандын коргоо министрлигине кийим-кече, техникалык жабдууларды жана тоолуу шарттарда аскердик окууларды өткөрүүгө керектүү буюмдардан турган жүк алынып келинет.

Коргоо министрлигинен бүгүн маалымдашкандай жакынкы келечекте Түркия Кыргызстандын аскер тармагына 1 млн. 650 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү аскердик-техникалык жардам көрсөтүүнү пландаштырууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG