Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:33

Президент кол койгон мыйзамга каршы кол топтолууда


БИШКЕК. «Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар» ассоциациясы добуш берүү алдында шайлоочулардын баш бармагына атайын аппараттан гана көрүнгөн суюктук чачып, белги коюу тууралуу мыйзамды жокко чыгаруу максатында Кыргызстандын жер-жерлеринен атуулдардын колун топтой баштады.

«Учурда мыйзамга каршы болгон 2000ден ашуун атуулдардын колу топтолду» деп маалымдады аталган ассоциациянын башчысы Токтайым Үмөталиева. Мына ушундай эле өтүнүч менен өткөн аптада Токтайым Үмөталиева жетектеген бейөкмөт уюмдар ассоциациясы Конституциялык сотко арыз жолдогон.

Алардын айтымында, добуш берүү алдында шайлоочулардын баш бармагына белги коюу атуулдардын жеке кадыр-баркына доо келтирет.

Ал эми Шайлоо кодексине мындай өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорунун автору Өмүрбек Текебаевдин айтымында, аталган мыйзам шайлоочулардын кадыр-баркына доо келтирбей, тескерисинче шайлоочулардын кайталап добуш беришине бөгөт коюп, шайлоонун адилет өтүшүнө өбөлгө түзөт.

XS
SM
MD
LG