Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:26

Термоядролук реакторду куруу боюнча сүйлөшүүлөр натыйжасыз аяктады


Венада өткөн алты тараптуу сүйлөшүүлөрдө дүйнөнүн алгачкы термоядролук, эксперименталдык реактору курула турган жер тандалышы керек эле. Долбоордун жалпы наркы 12 миллиард доллар. Евробиримдик реактор Францияда курулушун каалайт. Жапония болсо аны өзүнүн түндүк аймагына жайгаштыруу үчүн күрөшүүдө. Алты тараптуу сүйлөшүүлөргө алардын тышкары АКШ, Орусия, Кытай, Түштүк Корея тартылган. Евробиримдиктин өкүлүнүн айтымында, сүйлөшүүлөр натыйжасыз аяктаганы менен ал күчүндө жана улантылат.

Таңкы жаңылыктарды Прагадан Улан Эшматов даярдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG