Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:43

Режиссер Тео ван Гогду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнө жүздөгөн голландиялыктар катышты


Өлкөнүн тергөө органдарынын эсебинде ал исламчыл экстремист тарабынан киши колдуу болгон. Кинорежиссерду өлтүргөнү үчүн теги боюнча марокколук Мохаммед Буйери аттуу атуул айыпталып, камалган. Ван Гог "Баш ийүү" деген фильмин тарткандан кийин исламчылардан бир канча жолу эскертүү алган. Аталган фильм ислам коомунда аялдардын укуктары басмырланышын кескин сынга алат. Режиссер киши колдуу болгондон кийин Голландияда мусулмандарга каршы бир катар аракеттер орун алды. Өлкөнүн түштүгүндөгү кыштактардын биринен мусулман мектеп өрттөлгөн. Кол салгандар тарабынан калтырылган катта бул иш режиссердун өлүмүнө байланыштуу экени айтылат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG