Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Ясир Арафат тирүү, бирок абалы өтө оор


Бул тууралуу кечээ Париждеги маалымат жыйынында палестин автономиясынын тышкы иштер министри Набил Шаат билдирди. Арафат көз жумду деген ушак –айыңдарды төгүндөөнү кааларын белгилеген Набил Шаат мындай деди:

-Анын мээси, жүрөгү, өпкөсү иштөөдө. Мен анын өлүмү сыяктуу эле тез сакайып кетээри жөнүндөгү үмүт үчүн да каңырыш кептердин жүйөөсүн көрбөй турам.

Набил Шаат ошондой эле Арафат рак илдетинен жапа чекпегенин кошумчалады. Палестин министринин айтымында, француз дарыгерлери Арафаттын саламаттыгынын азыркы абалы ал акыркы жылдары туш болгон окуялар менен оор жагдайларга байланыштуу деген ойдо.

Арафат Париждин жанындагы ооруканага эки аптача мурда жаткырылган эле. Парижде кечээ премьер-министри Ахмед Корейи баштаган палестин ырасмий өкүлдөр болду. Арафаттын үстүнө кирип чыгууга алардын бирине гана уруксат берилди.

XS
SM
MD
LG