Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:13

ПРЕЗИДЕНТ АСКАР АКАЕВ 60 ЖАШТА


Кыргызстандын президенти Аскар Акаев бүгүн 60 жашка толду. Ал мамлекет башчылыгына 46 жашында келген. 14 жыл мамлекетти башкаруу мезгилинде Аскар Акаевдин кыргыз эли үчүн жараткан ийгиликтери жана кетирген кемчиликтери тууралуу коомчулуктун пикирлери кандай?

Аскар Акаев Кыргызстандын президенти болуп 1990-жылы 27-октябрда Жогорку Кеңештин отурумунда 179 депутаттын колдоосу менен шайланган. Туура бир жылдан кийин 1991-жылы октябрь айында болгон шайлоодо жана 1994-жылдын январь айында өткөн элдик референдумда мамлекет башчысы болуп биротоло бекитилген.

Андан кийин 1995-жылы президенттик шайлоодо дагы бир жолу мамлекет башчылыгына шайланган. Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Бектур Асановдун айтуусунда Акаев президент болуп шайланган алгачкы жылдары жакшы иштеген:

-Демократиялык өзгөрүүлөрдүн жана баалуулуктардын, адам укуктарынын айланасында бир топ иш-аракеттерди жасаганга далалаттанды. Бирок 1995-жылдан кийинки акыркы он жылда коррупциянын күч алышы, экономикалык акыбалдын күндөн-күнгө начарлашы жана адам укугу чөйрөсүндө, жалпы эле сот системасында мамлекет мурда болуп көрбөгөндөй артка чегинди десек болот.


1993-жылы КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп Кыргызстанда улуттук валюта киргизилген. Эксперттердин айтуусунда сомдун кириши -Кыргызстандын өз алдынча экономикалык саясатынын башталышы болгон. 1996-жылы жерди менчиктештирүү реформасы жүргүзүлө баштаган. Кыргызстандагы дыйкандар жана фермерлер партиясынын өкүлү Апсатар Усеновдун айтымында Акаевдин жер реформасы көрөгөчтүк менен эң ийгиликтүү жасалган реформа:

-Акаевдин ишмердүүлүгү жөнүндө айта турган болсок, жалпы кыргыз элинин жаркыраган келечеги үчүн эгемендүүлүктүн он жыл аралыгында бир кылымга тете кызмат кылды. Агрардык жер реформасы башталган кезде айрым партократтар аны туура эмес, деп "социализмди кайра тирилтебиз" дешкен. Аскар Акаев өз убагында алысты көрө билип, жерди жеке менчикке өткөрүп бергендиги туура экендигин убакыт өзү ташка тамга баскандай далилдеп көрсөттү.

2000-жылы 29-октябрда Аскар Акаев Кыргызстандын президенттигине дагы бир жолу шайланган. Эркин журналист Абдувахаб Мониев президент Аскар Акаев бул жолу Конституцияны бузуу менен шайланган деп эсептейт:

-Аскар Акаев туура он төрт жыл Кыргызстанды башкарып отурат. Анын эң чоң кемчилиги катары биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын эң ыйык, башмыйзамы болгон Конституцияны бузуп, үч мөөнөткө бийликте отуруп алгандыгын белгилей кетүүгө болот. Ал эми президенттин саясатынын дагы бир терс жагы - 2002-жылдын 17-18-мартында Аксыдагы нааразылык демонстрациясында алты азаматтын бийлик тарабынан атылып өлтүрүлүшү. Бул бир эле акыркы демократиялык тарыхта эмес, жалпы кыргыз тарыхында кара так болуп белгиленип кала турган окуя. Президент Акаевдин ишмердүүлүгү тууралуу эртеңки муундар сөз кыла келгенде сөзсүз түрдө Акаевдин бетине жабылган чиркөө катары тарыхта калат.

Президент Аскар Акаевдин 60 жылдык мааракесине карата 8-ноябрь күнү Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-ордо” улуттук комплексинде салтанаттуу иш чаралар өткөрүлдү. Анда президент Аскар Акаевге Орусиянын так илимдер академиясынын “Илимдин жана искусствонун шери” ордени жана Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын алтын медалы тапшырылды.

10-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путин, Азербайжандын мамлекет башчысы Илхам Алиевден жана Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдон президент Аскар Акаевдин дарегине куттуктоо телеграммалары келген.

Ал эми президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиевдин кабарлоосу боюнча Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана Тажикстандын премьер-министри Акил Акилов Аскар Акаевдин 60 жаш мааракесин куттуктап Бишкекке келишти. Булардан тышкары Кытай, Түркия, Орусия жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн таанымал окумуштуулары Аскар Акаевдин туулган күнү менен куттуктоо максатында Кыргызстанда мейманда.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG