Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:18

АРАФАТТЫН ОРДУН КИМ БАСАТ?


Палестин лидери Ясир Арафаттын абалы оор бойдон калууда. Бүгүн Париждеги ал жаткан ооруканага палестиналык динаятчы Шейх Таисир Дауд Тамими барып кетти. Молдонун айтымында, “президенттин абалы өтө начар, бирок ал тирүү”. Арафаттын саламаттыгына байланыштуу “ал көз жумгандан кийин эмне болот? Палестиндердин, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процессин эмне күтүүдө? - деген суроолор көбөйүүдө.

Ясир Арафат бул дүйнө менен коштошо электе эле аны жайга коюу тажыясы кандай өтөөрү чечилди. Арафаттын жардамчысы Саеб Эрекат шаршембиде билдиргендей:

-Президент көз жумса, ал Рамалладагы Муката көрүстөнүнө коюлат деген чечим кабыл алынды. Египеттик боордошторубуз болсо Арафат менен коштошууну ырасмий түрдө Каирде өткөрүүнү сунуш этишти.

Ал эми анын ордун ким басаарын ушундай эле оңой чечип коюу мүмкүн эмес.

Азырынча Арафаттын кээ бир функцияларын премьер-министр Ахмед Корейи (Абу Ала) жана мурдагы өкмөт башчы Махмуд Аббас (Абу Мазен) аркалашууда.
Шаршембиде макулдашылгандай, эгер Арафат өлсө парламенттин спикери Рави Фаттух Палестин автономиясынын лидери болуп убактылуу иштеп турат. Палестинанын мыйзамдарына ылайык 2 айдын ичинде шайлоо өткөрүлүүгө тийиш.

Арийне байкоочулар шайлоо өткөрүү өтө кыйын болоорун азыртадан эле эскертишүүдө.

-Азыркы кырдаалда 60 күндүн ичинде шайлоо уюштуруу өтө күмөн. Менимче, эң жакшысы өткөөл өкмөт түзүп, 6-8 ай аралыгында эларалык коомчулуктун жарадамы менен добуш берүү өткөрүш керек. Иордан дарыясынын батыш жээгинде эле 600гө жакын текшерүү пункту бар. Мындай шартта өнөктүктү кантип өткөрөсүңөр? – дейт Лондондук аналитик Чэтхэм Мекелберг.

Арафат эч качан өзүнүн саясий мураскерлерин атаган эмес. Бирок ошондой роль Махмуд Аббас менен Ахмед Корейиге ыйгарылууда.
Израилдик изилдөөчү Илан Папэй:

-Абу Мазен менен Абу Ала жок дегенде шайлоодон кийинки баштапкы этапта азыркы орундарын сактап калышы ыктымал. Бул эки саясатчынын бийликте кала беришин элестетүү кыйын эмес.

Экөө тең байистүү жана Израиль менен тил табыша алган саясатчылар болуп эсептелет. Ал эми палестиндиктер аларды колдошобу?

-Абу Ала жана Абу Мазен өңдүүлөр Израиль, Америкага жагышы мүмкүн. Алар палестин калкынын басымдуу бөлүгүнүн колдоосун тапкан күнү да, палестин көчөлөрүн көзөмөлдөй алышпайт. Бул эки кишинин колунан эмне келээрине күбө болбодукпу. Радикал топтор менен ок атышпоо жөнүндөгү келишимге алардын эмес Марван Баргутинин жардамы менен жетишилген, - деп ырастайт Жакынкы Чыгыш боюнча дагы бир эксперт Герд Ноннеман.

“Фаттахтын” мурдагы жетекчилеринин бири Баргути Палестинадагы таасирдүү саясий фигуралардын бири. Бирок ал Израилдин түрмөсүндө жаткандыктан, Арафаттын мураскерлигине талапкер боло албайт.

Арафаттын ордуна байистүү бир саясатчы келсе, Жакынкы Чыгыш тынчтык процесси жанданышы ыктымал дешет айрым аналитиктер.

Ноннеман болсо бул жерде Тельавивтин кадамдары алда канча маанилүүрөк деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG