Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:22

114-ЧАКЫРЫМ ГАЗ ТҮТҮГҮ БИРГЕЛЕШКЕН ИШКАНАГА БЕРИЛДИ


Айданбек Акмат уулу, Бишкеk 5-ноябрда Бишкекте “КырКазГаз” биргелешкен ишканасы түзүлдү. Ага Кыргызстан аймагы аркылуу өткөн Ташкен-Бишкек-Алматы газ түтүгү ишенимдүү башкарууга берилет.

Казакстандын газ ташуучу ишканасы - «Казтрансгаз» «Кыргызстан Алматыга багытталган газды уруксатсыз алууда» деп өткөн жылдары көп айыптап келген. Ага жол бербеш үчүн коңшу өлкө Ташкен-Бишкек-Алматы газ түтүгүн биргелешип көзөмөлдөөнү сунуштаган.

Мындай сунуш кыргыз тарапта колдоо таппагандыктан казак өкмөтү Кыргызстандын аймагын айланып өтүүчү газ түтүгүн курууну караштыра баштаган. Бирок 2003-жылы декабрь айында президент Аскар Акаевдин Астанага ырасмий сапары учурунда “КырКазГаз” биргелешкен ишканасы түзүлүп, ага Кыргызстандын аймагынан өткөн 114 чакырым келген газ түтүгүн берүү тууралуу макулдашууга жетишилген.

Ал макулдашууларга быйыл 5-ноябрда кол коюлду. Тактап айтканда Бишкекте бир келишимге жана бир макулдашууга кол коюлду. “Кыргызгаз” менен “КырКазГаз” биргелешкен ишканасынын ортосунда жетишилген келишимге ылайык биргелешкен ишканага Кыргызстан аймагынан өткөн Ташкен-Бишкек-Алматы газ түтүгү ишенимдүү башкарууга берилди.

Ал эми кыргыз өкмөтү, “Кыргызгаз”, “Казтрансгаз” жана “КырКазГаз” биргелешкен ишканасы ортосунда түзүлгөн макулдашууга ылайык казак тарап 2008-жылга чейин ал газ түтүктөрүн оңдоого 17 миллион 500 миң доллар инвестиция салат. Аны 30 жылдын ичинде “КырКазГаз” биргелешкен ишканасы төлөөгө тийиш.

“Кыргызгаздын” басма сөз катчысы Асел Максүтова биргелешкен ишкана түзүүнүн максаты тууралуу буларды билдирди:

-Биргелешкен ишкананын максаты эки өлкөнү газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу. Ага жетишүү үчүн биз ал ишканага газ түтүктөрүн беребиз, ал эми казак тарап ага инвестиция салат.

“КырКазГаз” ишканасынын башкы директорлугуна “Кыргызгаздын” башкы директорунун орун басары Кубанычбек Жусупов дайындалды. Анын айтымында, биргелешкен ишкананын уставдык капиталы 60 миң доллар жана анын жарымын кыргыз тарап, экинчи бөлүгүн казак тарап төктү. Ишкана 2005-жылдын башынан тарта ишке киришмекчи.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Орозбек Дүйшеев газ ташуу боюнча биргелешкен ишкана түзүүнү колдоду:

- Жалпысынан алганда биргелешкен ишкана түзүп, интеграцияга баруу туура иш. Биз коңшу өлкөлөр менен ынтымакта жашашыбыз керек. Анан эми ал келишимдин негизи кандай түзүлгөн? Ал жерде биздин кызыкчылыктарга доо кеткен эмеспи? Мына ошону иликтеп көрүш керек. Анан экинчиден бул маселенин оң жагы бар. Биз жарды өлкөбүз. Ошого байланыштуу 114 чакырым газ түтүгүн оңдоого каражатыбыз жетишпейт. Ал эми Казакстанда мүмкүнчүлүк бар. Ошондуктан бул жерде бизге пайдалуу жактары бар.

Кыргыз өкмөтү энергетика тармагын менчиктештирүүнүн төртүнчү этабында “Кыргызгазды” менчиктештирүүнү пландаштырган. Бирок бул ишкананын финансылык абалы оор.

Ал бир жагынан “Казтрансгазга” 10 миллион доллар, “Узтрансгазга” 1.5 миллион доллар карыз болсо, “Кыргызгазга” өз кезегинде “Улуттук электр станциялар” акционердик коому 11 миллион доллар карыз.

Андан сырткары “Кыргызгаз” быйылкы жылы “Узтрансгаз” менен газ сатып алуу боюнча келишимге жетише албай келатат. Ошондуктан жай айларынан бери Казакстанга багытталган газды алып жагууда.

Мындай абалдан газ тармагын менчитештирүү менен чыгуу кыйын дейт Орозбек Дүйшеев:

- Бүтүн дүйнө жүзүндө жүз жылдан бери калыптанган практика бар. Мына ушундай оор кырдаал түзүлгөндө мамлекеттин колуна өткөрүп берип, аскердик тартипти камсыз кылуу керек. Анан кийин оңолгондон кийин кайра өткөрүп берүү зарыл. Иштей берсин. Биздин сунуш ушундай.
XS
SM
MD
LG