Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Жалалабаддын прокуроруна нааразы болгондор бар


ЖАЛАЛАБАД. Облустук финансы башкармасынын жетекчилери облустун прокурорунун кызматтан кетүүсүн талап кылышты. Алар бул тууралуу маалымат жыйынында кабарлашты. Облустун каржы башкармасынын жетекчиси Эркин Бегимкулов каржы системасындагы жетекчилерге кылмыш иши туура эмес ачылган деп билдирип, апрелден берки текшерүүлөр учурунда эч кандай мыйзам бузуулар табылбагандыгын жарыялады.

Андан тышкары Аксы окуясынын чыгышына облустун мурдагы прокурорунун үлүшү бар экенин, аны коргоо үчүн анын жактоочулары митинг өткөрүүгө даяр экендигин билдирди.

Эркин Бегимкулов облустун прокурорун кызматтан алуу өтүнүчү менен борбордук жетекчиликке же сотко кайрылаарын да жарыя кылды.

Ал эми облустук прокуратуранын өкүлдөрү облустун финансы башкармалыгынын жетекчилерине каршы кылмыш иши Жалалабад шаарындагы филармониянын жамаатынын кайрылуусунан улам ачылгандыгын жана ал негиздүү экендигин билдиришти. Алардын билдирүүсү боюнча, бул иш коррупцияга жана ага аралашкан мамлекеттик кызматкерлерге каршы облуста жүргүзүлүп жаткан көп иштердин бири.

XS
SM
MD
LG