Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:50

Франция менен Улуттар уюму Пил Сөөк Жээгинен чет элдиктерди чыгарып кете башташты


АБИЖАН. Чет элдиктерге кол салуу күч алгандыктан Франция менен Улуттар уюмунун күчтөрү Пил Сөөк Жээги өлкөсүнөн миңдеген француздарды жана башка чет элдик жарандарды эвакуациялай баштады. Франциянын өкүлдөрү бул өлкөдөн кеминде 8 миң жаранын чыгарып кетүүнү айтышууда.

Франциянын мурдагы колониясы Пил Сөөк Жээгинде кеминде 14 миң француз жашайт. Ал эми Улуттар уюмунун 40тай кызматкери өлкөдөн жаңы эле чыгарылып кетти.

Француздарга душмандык маанай Франциянын бейпилдик күчтөрү Пил Сөөк Жээгинин чакан аскердик авиациясын кыйратып салгандан кийин күч алып отурат. Франция бул чабуулду бейпилдик күчтөрүнүн тогуз аскеринин өлүмү үчүн өч алуу максатында жасаган.

XS
SM
MD
LG