Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:36

Фаллужага чабуул уланууда


БАГДАД. Ирактын үчүнчү ири шаары Мосулда башаламандык күч алганына байланыштуу чукул кырдаал киргизилди. Кечээ түнү өзгөчө абал Багдадда жарыяланган. Дүйшөмбүдөн баштап чукул кырдаалдын күн-түн дебей сактала турган эрежеси Фаллужада киргизилген.

Анын аралыгында америкалык жана ирактык 15 миңдей аскерлер Фаллужага чабуулун улантып жатышат.

Чабуул башталган дүйшөмбү күндөн бери америкалык 11 жана ирактык 2 аскер курман болду. Ирактын Кызыл Жарым Ай уюмунун өкүлү Абдул Хамид Салем Фаллужанын тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүүгө кам көрүлүп жатканын маалымдайт.

Бүгүн ошондой эле Ирактын Самарра шаары менен Туз шаарчасынын сыртында жарылган бомбалардан жети карапайым тургун жана Улуттук Гвардиянын жана Американын аскерлери курман болушту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG