Улуттар уюмунун баш катчысынын бейпилдик күчтөрү боюнча чабарманы ошентип, Ооганстанда алдыдагы алты ай ичинде өтө турган парламенттик шайлоодон улам, ал жердеги эларалык аскерлер тобун күчтөндүрүүгө үндөдү. Жан-Мари Гайухно Ооганстанда өткөн президенттик шайлоо – маанилүү өнөктүк болду, ошол эле учурда болочок парламенттик шайлоого да олуттуу мамиле жасоо зарыл деп белгиледи:
- Эларалык коомчулук президенттик шайлоонун шарапаты менен ал жердеги абалга көңүлкош көз салуудан абайлашы керек. Саясий аң-сезимдүүлүгүн көрсөтө алган ооган эли эми экономикалык, финансылык, саясий жана аскердик жактан эларалык коомчулуктун колдоосуна толугу менен жетишүүгө тийиш.
Андан аркы сөзүндө Гайухно Улуттар уюму Ооганстанда туш болгон тоскоолдуктарга токтолду. Уюмдун 3 кызматкери мындан эки жума мурда Кабулда уурдалган бойдон барымтада отурушат. Андан улам баш катчы Кофи Аннан ооган жергесинде иштеп жаткан чет элдик жарандардын коопсуздугун бекемдөө тууралуу көрсөтмө берген.
25 жылдай созулган согуштардан жаңыдан баш көтөрүп келаткан Ооганстанда келерки жазда парламенттик жана жергиликтүү акимчиликтер менен кеңештерге шайлоо өтөт. БУУнун өкүлү Гайухно ал өнөктүк өткөн айдагы президенттик шайлоого караганда кыйла татаалданып кетиши мүмкүн, анткени жер-жерлерде улуттук, диний тайпалар арасындагы жикчилик менен эрегиштин айынан добуш берүү ар тараптан ыксыз кийлигишүү, ар кандай мыйзам бузуулар, көз боёмочулуктар менен коштолушу ыктымал деп эскертти.
Атайын чабармандын бул айткандарын уккан соң Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңеши ооган элин, анын коңшуларын, бейпилдик күчтөрүн президенттик шайлоодогу ийгилиги менен куттуктап, алдыдагы парламенттик шайлоодо коопсуздукту бекемдөөдө колдоо көрсөтөөрүн ырастаган билдирүү кабыл алды. Ал документти АКШнын Улуттар уюмундагы элчиси, Коопсуздук Кеңешинин учурдагы төрагасы Жон Данфорт окуп берди.
"Алдыдагы шайлоого даярдык жүрүп жаткан чакта, Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү ооган өкмөтүнө маңзаттар аткезчилигине каршы жана коопсуздукту бекемдөө жаатында кеңири жардам көрсөтөрүн бышыктайт", деп айтылат ал билдирүүдө.