Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:51

КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭКОНОМИКАСЫ: КЕЧЭЭ, БҮГҮН ЖАНА ЭРТЕҢ


Базар экономикасынын шартында Кыргызстандын өнүгүш багыты, анын бүгүнкүсү менен келечеги кандай болушу мүмкүн экендиги Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын көмөгү менен чыгарылган эмгекте кенен-кесир баяндалган. Белгилүү адистер тарабынан жазылган экономикалык иликтөөнүн жыйынтыктары 10-ноябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында айтылды.

Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын көмөгү менен даярдалган экономикалык изилдөөдө Кыргызстандын базар мамилеси тушунда кез келген кыйынчылыктар, проблемалар талдоого алынган, болочогу кандай болору айтылган, салык жаатында өкмөт эмнелерди жасаш керектиги сунушталган.

- Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө өз алдынча баа берилип отурат. Бул ишке үч тараптан: Жогорку Кеңештен, өкмөттөн, бейөкмөт уюмдардан өкүлдөр тартылды. Мындайча айтканда, ортодогу көз караш чагылдырылды. Кыргызстандын өнүгүшүнө карата өкмөт, бейөкмөт уюмдардын өзгөчөлүү көз караштары камтылды, - деп айтты Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын бюджет жана каржы боюнча комитет төрагасы Марат Султанов жаңы эмгектин бетачарында.

Изилдөөчүлөрдүн ырасташынча, Кыргызстан экономикасы эки урунт учурду башынан кечирди. Анын биринчиси - 1991-жылдан 1995-жылга чейинки мезгилди камтыйт. Бул учурда социалисттик чарбалардын ичара байланыштары үзүлүп, Кыргызстан толгон-токой экономикалык проблемалардын төөбастысында калган.

1995-жылы Кыргызстанда өндүрүштүн кедеринен кетүүсү жетер чегине жетип, ички дүң продуктынын көлөмү 1990-жылга салыштырганда 50% ашуун төмөн түшкөн. 1996-жылдан тарта гана экономикалык жандануунун айрым белгилери көрүнө баштаган. Бул мезгилде инфляция деңгээли кыйла төмөндөгөн. 1996-жылдан 2002-жылга чейин ички дүң продуктунун жылдык орточо өсүшү 5% түздү.

Мына ушул 5% көрсөткүч төмөн түшпөсө кедейликти жыл сайын 2 – 3% азайтуу мүмкүнчүлүгү түзүлөр эле. Бирок да буга жетиш үчүн сырт инвестициянын көлөмү ИДП карата 20% кем кем эмес болушу керек.

- Биздин жаныбызда экономикасы ыкчам өнүгүп аткан эки коңшу өлкө - Казакстан менен Кытай турат. Башкаларга караганда бул эки өлкө менен тышкы соода жакшы өнүгүүдө. Мындай мүмкүнчүлүктү биздин өлкө болушунча өз пайдасына иштетүүсү керек. Кыргызстандан сыртка товар ташып чыгарууну өкмөт өзгөчө ойлонушу зарыл. Жапандар ийгилик жаратыш үчүн миң кадам жасоо керек дешет экен. Бизде деле кыйла иштер жасалды, кыйла кадам ташталды. Миң кадам сөзсүз ташталышы керек болсо аны жасаш лаазым,- дейт «Бишкек консенсусу» экономикалык саясат институтунун жетекчиси Чоробек Имашев.

Кыргызстандын экономикалык өнүгүшүнүн келечегин кыйла күңүрт кылган жагдайлар деле биртоп. Алардын ичинен эң опурталы - өлкөнүн олчойгон тышкы карызы, калктын жыйган акча, мал-мүлкүнүн аздыгы, чоң үмүт артылган алтын өндүрүшүнүн азайып баратышы, энергетика секторунун оңоло албай жатышы, бюрократиялык тоскоолдордун арбып баратышы.

2003-жылы Кыргызстандын тышкы карызы ички дүң продуктуга карата 87% жетти. 2002-жылы ал 100% бираз жете албай калган. Өкмөт ушу тапта Париж клубуна үмүт артып, карыздарды төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдырып коёрбу суроосу менен жашоодо. 2002-жылкы артка жылдырылган 3 жылдык мөөнөт деле эмдиги жылы аягына чыгат.

- Мен Кыргызстанды карызын төлөй албады деп катардан чыгарып салышат деп айта албайм. Эгер андай болсо тышкы карыздарды төлөөгө тапкан акчалардын кыйласы жумшалып, бюджет бираз башкача түзүлүп калышы мүмкүн. Социалдык тармакка, экономикалык өнүгүүгө жумшалчу акча карыздарды жоюуга кетет. Бул экономикалык өнүгүшкө кедергисин тийгизет,- дейт Марат Султанов.

Сыртка товар ташып чыгаруу, базарда өтүмдүү буюмдарды арбытуу менен Кыргызстан ыкчам өнүгүп бараткан кошуналарынан калбай, алдыга кете алабы же алардын чаңында калып, кедей өлкөлөрдүн тизмесинен чыкпай кала береби – муну мезгил көрсөтөт.
XS
SM
MD
LG