Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:13

ӨКМӨТ 9 АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ


Азиза Турдуева, Бишкек Өкмөт Кыргызстандын 2004-жылдын 9 айынын ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын жарыялады. Маалыматтарга караганда бул мезгил ичинде өлкөнүн негизги экономикалык көрсөткүчтөрү жогорулаган. Бирок айрым саясатчылар Кыргызстандагы экономикалык абал оор бойдон калууда деп, өкмөттүн мындай көтөрүңкү маанайына кошула беришпейт.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча өткөн 9 айдын ичинде Кыргызстанда экономикалык көрсөткүчтөр жогорулап, макроэкономикалык абал турукташты. Өлкөдө жүргүзүлгөн акча-кредиттик жана салык-бюджеттик саясат инфляциянын төмөнкү деңгээлде кармалышын шарттады.

9 ай ичинде мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 14 млрд. 700 млн., ал эми чыгаша бөлүгү 10 млрд. 700 млн. сомду түздү. Экспорт өткөн жылдын 9 айына салыштырмалуу 41 пайызга, ал эми импорт 38 пайызга жогорулады. Ички дүң продукт өткөн жылдын 9 айына караганда 7 пайызга өстү. Өлкөдө өнөр жай өндүрүшү өткөн жылдын бул мезигилине салыштырмалуу 9 пайызга жогорулаган. Мунун баары өкмөттүн ырасмий маалыматтары.

Бул мезгил ичи Кыргызстандын чет өлкөлөр менен, өзгөчө КМШ өлкөлөрү менен болгон соода жүгүртүүсүнүн көлөмү да өстү деп айтылууда. Буга байланыштуу экономиканы өнүктүрүү, соода жана өнөр жай министри Амангелди Муралиев мындай дейт:

-Өткөн жылга салыштырмалуу үстүбүздөгү жылдын 9 айы ичинде Кыргызстандын чет өлкөлөр менен болгон соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмү 50 пайызга жогорулады. Келечекте КМШ өлкөлөрүнүн арасынан Орусия Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү болот. Соода жүгүртүүнүн көлөмү ошондой эле коңшу Кытай, Казакстан, Тажикстан менен да жогорулоодо.

Бир катар саясатчылар өлкөнүн экономикалык абалынын жакшырышынын башкы себептери - өкмөттүн натыйжалуу ишине, тышкы инвестициялардын алынып келишине жана өлкөдөгү ишкердиктин ылдам өнүгүшүнө байланыштуу болууда дешет. Бул жөнүндө Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Карыпбек Алымкулов мындай дейт:

-Албетте, Кыргызстандын экономикасы өнүгө баштады. Муну эмне шарттап атат? Биринчиден, өлкөдө ишкердиктин өнүгүшү, экинчиден, чет өлкөлөрдөн алынып келинген инвестициялардын көлөмүнүн жогорулашы. Өкмөт бул иштерге өзүнүн чоң салымын кошуп жатат. Чет өлкөлүк донорлор менен тынымсыз сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Өнөр жай тармагындагы өндүрүш кеңейтиле баштады. Ал эми белгилүү болгондой стратегиялык тармактагы ишканалардан башкасынын баары тең эле менчиктештирилген. Алардын көпчүлүгүн ишкерлер иштетет.

Ал эми айрым оппозициялык көз караштагы саясатчылар өлкөдө соңку жылдары деги эле экономикалык өнүгүү болбой жактандыгын белгилешүүдө. Мисалы депутат Орозбек Дүйшеев ушундай пикирде:

-Жалпысынан Кыргызстандагы экономикалык абал өтө эле оор. Азыркы өкмөт өндүрүшкө тийешелүү деңгээлде көңүл бурбай жатат. Анын саясаты элдин кызыкчылыгына жооп бербейт. Ошондуктан бул өкмөт кетмейинче, өлкөдөгү экономикалык жана социалдык абалды жакшыртуу мүмкүн эмес.

Маалыматтарга караганда өткөн 9 айдын ичинде айыл чарба продукциясын өндүрүү 4 пайызга жогорулады. Бирок ага карабастан бул тармакта бир топ кемчиликтер да бар. Бул жөнүндө Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Агрардык маселелер боюнча комитетинин төрагасы Бөрүбай Жураев мындай дейт:

- Өткөн жылы биз өкмөттүн айыл-чарба тармагындагы ишин аябай сындаган элек. Быйыл парламент тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен тармактагы абалды жакшыртуу боюнча бир топ алгылыктуу иштер жасалды. Бирок өткөн 9 айдагы мал чарбасындагы көрсөткүчтөр өткөн жылга салыштармалуу төмөн болууда. Маселен, быйыл эт аз өндүрүлдү, сүт аз сатылды, жүн аз кыркылды.

Премьер-министр Николай Танаевдин айтымында, өлкөнүн экономикасындагы өсүү социалдык тармактагы абалдын да жакшырышын шарттады.

Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинен алынган маалымат боюнча өткөн 8 айдын ичинде Кыргызстанда орточо айлык акынын өлчөмү 13,2 пайызга жогорулап, 2080 сомду түздү. Ал эми тармактар боюнча алсак, мугалимдердин эмгек маянасынын орточо өлчөмү 1270 сомду, дарыгерлердики – 1070 сом болду. Ал эми өлкөдөгү күнүмдүк керектелчү каражаттын бир айлык эң аз өлчөмү 1990 сом.

XS
SM
MD
LG