Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:59

ДОНОРЛОРДУН ЖАРДАМЫ НАТЫЙЖАЛУУ БОЛБОЙ ЖАТАТ


Сапар Орозбаков, Бишкек Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери 40ка жакын өлкө жана эларалык финансы институттары өз жардамдарын берип келе жатышат. Бирок коомчулукта «алардын берген акчалары күткөндөй натыйжа берген жок» деген пикир көп айтылууда. Муну акыркы убакта донорлордун өздөрү да мойнуна ала башташты. Алар берилген акчалардын натыйжалуулугу Кыргызстанда гана эмес, башка өлкөлөрдө да төмөн болуп жаткандыгын белгилешет. Бүгүн Бишкекте бир нече донор өлкөлөр жана эларалык финасы уюмдары Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан жана Монголиянын өкүлдөрүн жыйнап, алар менен бирге «канткенде жардам натыйжалуу болот» деген суроону талкуулай башташты.

Ар кайсы өлкөлөрдөн келген өкүлдөр донор өлкөлөрдүн жана эл аралык финансы уюдардын иштеринде көп кемчиликтер бар экендигин айтышты. Алар донорлор бюрократтыштырылган уюмдар экенин, алардын акча берүү эрежелери татаал болуп, көп убакытты аларын белгилешти.

Кыргызстандын вице-премьери Жоомарт Оторбаев «донорлор жардам алып жаткан өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын дайыма эле эске ала беришпейт, алар каржылаган долбоорлорду улуттук пргораммаларга ылайыкташтыруу зарыл» деп билдирди:

-Донорлор келгенде өз программалары менен келишет. Биздин пикирди угушпайт. Бизге жардам бергилери келсе, бизди угуш керек да.

Башка өлкөлөрдөн келген өкүлдөр да ушундай эле ойлорду айтышты. Казакстандын бейөкмөт уюмдарынын конфедерациясынын президенти Валентина Сибирякова донорлор адатта акча берүүдө катуу талап коюшаарын, ал талаптар дайыма эле өлкөлөрдүн кызыкчылыгына туура келбестигин белгиледи:

- Бизге ар кандай шарт коюшту. Кыска мөөнөт беришти. Биз алардын аркасынан чуркап, алардын талаптарын аткарууга аргасыз болуп отурдук. Биринчи траншты берип, «биздин талаптарды аткарбасаңар экинчисин бербейбиз» дешет. Бул ушунчалык ылдам болгондуктан эл эмне болуп жатканын билбей калып жатты.

Кыргызстандын "Өкмөттүк эмес бейөкмөт уюмдары" ассоцациясынын лидери Токтайым Үмөталиева болсо донорлор өкмөт менен иштешип, мамлекеттик эмес сектор көп учурда сыртта калып жаткандыгын айтты:

-Донорлор акчаны аткаруу бийлигине беришет. Алар болсо акчаны кайда пайдаланыш керек экендигин дайыма эле жакшы биле беришпейт.

Ал акчалар киреше берчү тармактарга берилбей, социалдык секторго бөлүнүп, чет өлкөдөн келген кредиттердин кайтарымдуулугу жетишсиз болуп жаткандыгын белгиледи.

Донорлор болсо өз иштеринде көп мүчүлүштүктөр кетип жаткандыгын моюнга алышты. Бирок алар өз кезегинде өлкөлөрдүн өздөрүн да күнөөлөштү. «Бюрократияны жоюп, абалды оңдосо болобу» деген биздин суроого:

-Оңдосо болот. Бирок оңдоо кыйын. Анткени донор өлкөлөр бар. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өкмөттөрү бар. Граждандык коом бар. Алардын баары бюрократташкан, - деди Азия банкынын өкүлү Брюс Пердью.

Швециянын тышкы министрлигин өкүлү Бо Вестман өзүнүн докладында жардам алган өлкөлөрдүн өкмөттөрү ар кандай көп стратегияларды жана программаларды ойлоп табышып, акча чачыранды болуп жаткандыгын айтты. Ал жардам алган өлкөлөр донорлор менен иштөө үчүн көп агенттиктерди түзүшүп, алынган акчаларды пайдаланууга көзөмөл жакшы болбой жаткандыгын белгиледи.

Бирок донорлордун айтымында, Кыргызстанда донорлор менен иш жүргүзүү жакшы жолго коюлган. Алар «бул кеңешменин Бишкекте өткөрүлүп жатышы ошого байланыштуу, Кыргызстандын топтогон тажрыйбасын башка өлкөлөргө жайылтса болот» дешти.

Жыйында белгилүү болгон маалыматтарга караганда, донорлор жардам көрсөтүүнүн жаңы ыкмасын иштеп чыгышып, аны 14 өлкөдө сынап көрүшмөкчү. Бул пилоттук программага региондон жалгыз Кыргызстан киргизилген.

Жыйында «эмдиги жылы февраль-март айларында Парижде бул маселе боюнча бүткүл дүйнөлүк чоң форум болот, азыркы жыйын ошол форумго даярдык катары өткөрүлүп жатат, ага Кыргызстандын президенти Аскар Акаев да катышат» деп айтылды.
XS
SM
MD
LG