Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:12

ДИНАРА АКУЛОВА: «КЫЗДАРЫМ – МЕНИН БАЙЛЫГЫМ»


«Талант тагдыры» түрмөгүбүздүн жаңы санынын меймандары - белгилүү эстрада ырчысы Динара Акулованын кыздары - апасынын жолун жолдошкон Гүлмира, Мэридиана, Малика.

Орто бойлуу, жүзүнөн сулуулуктун нуру, көмөкөйүнөн мукамдуу обондуу ырлар төгүлгөн, эстрада ырчысы Динара Акулова басса-турса да тууган-туушкандарынын, курбу-курдаштарынын арасында, айылдарга гастролдорго чыкканда, ордо калаада концерт бергенде ырдаардын алдында дайыма: «Урматтуу менин эли-журтум. Менин байлыгым - элим жана үч кызым» деп сыймыктана жар салат да, анан ырын баштайт.

Улуу кызы Гүлмира ырчы, экинчи кызы Мэридиана алып баруучу, кенже кызы Малика ырчы-бийчи. Алар апасы менен бирге концерт берищет.

Динаранын тун кызы Гүлмира быйыл орто мектепти бүтүрдү. Эмдиги жылы «Кудай буюрса каалаган окума өтөм» - деп, камынып жүргөн кези. Азыркы тапта ал адаттагыдай эле энеси менен бирге иштешип, сиңдилери менен эгиз козудай ээрчише концерт берүүдө. Гүлмира апасы менен 5-6 жашынан тартып ар кандай курактагы угуучулардын алдында тартынбай ырдап, бийлеп, өнөрүн тартуулап, алкоого арзып келет. Ал сөзгө анча жок.

Бирок өзүнүн үнүнө төп келген, көңүлү түшкөн ырларын угуучулар тамшана угушкандай чеберчиликте аткарат. Гүлмирадан алгачкы аткаруучулук чыгармачылыгын кайсы ырлардан баштаганын сураганымда:

- Кичинекей кезимде «Бүлдүркөн», «Телефон», «Кумурска», «Бака» деген балдар ырларын ырдап, эл алдына чыккам. Азыр болсо «Аяш байке», «Жаштык бийи», «Апама» деген ырларды аткарам.

-Өзүңдүн өздүк репертуарыңда көптөгөн обончулардын ырлары бар экен. Ошолордун ичинен ушунчалык жүрөгүң, бүтүндөй дилиң менен берилип аткарган ырың барбы?

- Бар. Ал ыр болсо өзүм аябай жакшы көрүп дайыма ырдап жүргөн «Жаштык бийи» аттуу ыр. Обону Камчыбек Жусуповдуку, сөзү Касымбек Мамытовдуку.

-Ошондо өзүңдү кандай сезесиң?

- Аябай жакшы сезем, сахнада өзүмдү эркин сезип, эч кимден тартынбай бүтүндөй жан дүйнөм менен төгүлүп–чачылып ырдап, бийлеп аткарам.

Гүлмиранын өзү теңдүү ырчылардан өзгөчөлүгү орус тилдүү мектептен окуса да кыргыз ырларын так, ачык, ар бир сөзгө, муунга басымдарды туура айтып ырдоого аракеттенгени. Обондун ыргактарын бийдин ритмдери менен айкалыштыра бийлөөсү менен бөтөнчө өзгөчөлөнөт.

Динаранын ортончу кызы Мэридиана (Махабат) 9-класста окуйт. Жайкы каникул күндөрүндө апасы менен бирге гастролго чыгып, концерттерин алып барат. Жакындан бери Динаранын ордо калаа жана башка шаарларда өткөн концерттерин жаш болсо да угармандардан сүрдөбөй, жалтанбай алып барууда.

-Мэридиана сенин оюң боюнча бүгүнкү алып баруучуда кандай шыктуулук, чеберчилик болуш керек?

- Менин оюм боюнча биринчиден бүгүнкү алып баруучу баардык жагынан кийген кийими, баскан-турганы, чечендиги, куйкумдуу сүйлөп элди ала билгендиги жана башка жактары менен келишкен адам болуш керек. Концерт бешталаардын алдында менин устатым, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Турусбек Жумалиев менен концерттин программасын түзөбүз. Концертке катыша турган ырчылардын ар биринин кыял-жоругун, мүнөзүн, өзгөчөлүктөрүн билип алабыз. Аларга карата арноо ырларын, тамашалуу кеп-келечтерди, куйкумдуу чымчыкейлерди жазып алабыз. Маселен мен апамды сахнага, эл алдына чыгарардын алдында:
Ысыккөл касиеттүү жердин ээси,
Белекке ак куудай бир кыз берди,
Ал ак куу бийик учуп көк асманга,
Асмандан карагандай бийик жерден,
көрсө, ал жарык жылдыз төбөдөгү
кыргызымдын асманына учуп келди
Ал - Динара Акулова! – деп чакырып алабыз.


-Мэридиана, алып баруучулук чыгармачылыгыңды жаңыдан эле баштапсың. Канча жолу чоң концертти алып бардың?

- Бишкек шаарында өткөн эки чоң концертти алып бардым. Жайында апам менен Тажикстанда, Өзбекстанда, Россияда гастролдо болуп, көптөгөн концерттерди алып барып жүрөм. Алгач мен сахнага чыкканда аябай кыйналам го деп ойлогом. Бирок элдин жылмайганын көрүп, өзүмдү эркин, бош сезип, жакшы алып барам.

Динаранын көкүрөк күчүгү Малика. Болгону 8 жашта. Борбордогу №67 гимназияда 4-класста жалаң «5» деген баага окуйт. Өзгөчө табигый музыкалуу сезимге бай. Анын музыкага, бийге үзүлүп түшкөн жандуулугу бала бакчадан башталат. Ал апасы менен бирге такай концерттерге катышат.

-Малика, жыкында «Миң кыял» ыр-бий ансамбли менен бирге Түркияга гастролго барыпсың? Кимдин ырын ырдадың? Кайсыл шаарында болдуң?

- Түркияда Сипон деген шаарында болдум. Абдан кооз, жакшы шаар экен. «Тилегим», «Гүлдөр» аттуу ырларды ырдадым.

Баятан бери биз менен бирге отурган Динара Акулова кепке аралашты:

- Кыздарым - менин келечегим. Аларсыз жашоомду элестете албайм. Кыздарым дүйнөлүк ырчылар Уитни Хюстон, Патриссия Каас, Алла Пугачева, Мирей Керри, София Ротарудай болушса бул менин музыкадан, кыздарымдан тапкан бактым болоор эле.

Сүрөттө: Динара Акулова.
XS
SM
MD
LG