Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:28

АКШнын САЯСАТЫНДАГЫ ПРОТЕСТАНТТАРДЫН ТААСИРИ


AКШдагы соңку шайлоодон кийин, бул өлкөнүн саясатындагы диндин орду тууралуу маселе алдыңкы планга чыкты. Ушул айдын башында Президент Жорж Буш Библияны сөзмө сөз түшүнгөн, адам баласы руханий жактан кайра жаралмайынча кудай алдындагы күнөөсүнөн арыла албайт деп ишенген протестант христиандардын кеңири колдоосу менен кайра шайланды. 2-ноябрдагы шайлоодо жүргүзүлгөн сурамжылоодо бардык шайлоочулардын болжол менен төрттөн бири өзүн "кайра туулган" же "протестант" деп атаган. Булар Буштун экинчи кызмат мөөнөтүнө таасир тийгизиши мүмкүнбү, эгер тийгизсе ал кандай таасир болот?

Көпчүлүк байкоочулардын айтымында, протестанттардын колдоосу болбогондо Жорж Буштун биринчи эле айлампада шайланып калаары күмөн болчу. Республикачы жана экс-конгрессмен Билл Френзелдин ишениминде, 2-ноябрдагы шайлоо протестант христиандардын америкалык саясатта кандай орун ээлерин көрсөттү. Анын айтымында, протестанттар жалпысынан мыкты уюшкан эл болот жана бойдон алдыруу жана гомосексуалдар сыяктуу маселелер боюнча өздөрүнүн консервативдүү көз караштарын колдогон талапкерлердин сөзүн жерде калтырышпайт.

Френзелдин сөзү боюнча, ошондой эле шайлоочулар арасында чиркөөлөр аркылуу үгүт жүргүзүү өтө ыңгайлуу:

- Чиркөөлөрдө катталган шайлоочулардын такталган тизмелери бар. Протестанттар адам менен сүйлөшө билишет, бир-бирин жөлөмөлөп, кызыкчылыктары да бир кылка келет. Партиянын тапшырмасы менен акы алган кишинин телефонго жаздырылган чакырыгына караганда, жакын досуң айтып турса, албетте досуңдун сөзү өтүмдүү болот.

Ал эми Лео Рибуффо Жорж Вашингтон университетинде Американын тарыхын окутат. Анын айтымында, протестант христиандар бүгүн Республикачыл партиянын эң туруктуу колдоочулар тобу болуп саналат. 20-кылымда кесиптик кошуундар Демократиячыл партияны тикесинен туруп колдогондой эле, протестанттар республикачыларды олуясындай карманышат.

Протестанттардын бул шайлоодо айгине болгон таасири көмүскөдө калабы же АКШнын ички жана тышкы саясатына өзгөрүш алып келеби, кеп ушунда. Бул суроонун бир жообу АКШнын Жогорку сотундагы орун алмаштыруулардан билиниши мүмкүн. Аталган соттун тогуз судьясынын төртөө жашы келип калгандыктан, Буштун экинчи мөөнөтүндө пенсияга чыгышы мүмкүн. АКШнын мыйзамына ылайык, алардын ордуна жаңы талапкерлерди президент көрсөтөт, аларды учурда Буштун Республикачыл партиясы көпчүлүктү түзгөн Сенат бекитмекчи.

Жаңы курамында Жогорку Сот 1973-жылы аялдарга берилген бойдон алдыруу укугун күчүнөн кетирүүгө аракет кылышы мүмкүн. Рибуффо протестанттар буга чейин эле АКШнын саясатында таасирлүү роль ойноп келишкени менен Буш катуу кетпейт болуш керек деп эсептейт:

-Америкалыктардан 30 жылдан ашык убактан бери колдонгон бойдон алдыруу укугун тартып алуу саясий бомба болуп калат. Бушка кеңешчилери Республикачыл партиянын таасиринин дагы өсүшүн кааласа, бул кадамга барган ашачапкандык болуп калат деп айтат болуш керек.

Ал эми Вашингтондогу Америкалык университеттин тарых профессору Аллан Лихтман протестанттардын таасири туу чокусуна жетип калды деп боолголойт:

- Алардын таасири жетээр чегине жетти деп ойлойм. Алардын ушул эле темп менен кете берүүсү кыйын болот. Бирок протестанттардын ролу кескин төмөндөйт деп да айта албайм. Республикачылар чиркөөнү болушунча эле пайдаланышты, мындан артык элди өзүнө тарта алаар-албасын көрө жатаарбыз.

АКШнын Конституциясына киргизилген биринчи өзгөртүүдө Конгресске диндин мамлекеттик иштерге кийлигишүүсүнө жол берген мыйзамды кабыл алышына тыйуу салынат.
XS
SM
MD
LG