Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:13

Камбаратаны курууга Орусиянын каражат берери күмөн


БИШКЕК. Орусия өкмөтүнүн Кыргызстан менен Тажикстанда ГЭСтерди курууга каражат бериши арсар. Мындай маалыматты бүгүн «Кабар» агенттиги Орусиялык маалымат каражаттарына таянып таратты. Орусиянын өнөр жай жана энергетика министрлиги Орусиянын «Бирдиктүү энергетика системасы» акионердик коомунун турукташтыруу фондунан Кыргызстан менен Тажикстанда ГЭС куруу үчүн 1 миллиард 400 миң доллар бөлүүнү сунуш кылган. Мындай сунушка Орусиянын каржы министрлиги инвестициялык долбоорлорго мынча акчаны коротуш Орусиянын экономикасынын жогорулашына өбөлгө түзбөйт деп каршы болууда. Министрликтин эсеби боюнча, ал айрым гана компаниялардын өсүшүнө шарт түзөт. Ошондуктан ал каражатты Орусиянын Париж клубунун алдындагы карызын жоюуга жумшоо зарылдыгын көздөп жатат. Маалыматка караганда, турукташтыруу фондуна түшкөн каражаттын көлөмү ушул жылдын аягына чейин 564 миллиард рублди түзөт. Ал эми Орусиянын «Бирдиктүү энергетика системасынын» башчысы Анатолий Чубайс Орусия Кыргызстандагы Камбарата-1 жана Камбарата-2 ГЭСтерин курууга кызыкдар экендигин билдирип, ага кеминде 250 миллион доллар керектигин Бишкекке келгенде билдирген.

XS
SM
MD
LG