Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:35

А.Акаев Орусияда жүрөт


БИШКЕК. Бүгүн президент Аскар Акаев Орусияга иш сапары менен жөнөп кетти. Президенттин басма сөз кызматынын башчысы Досалы Эсеналиевден алынган маалыматка караганда, Акаев ушул эле күнү Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу боюнча пикир алышты.

Андан кийин Акаев Санкт-Петербург шаарына барып, губернатор Валентина Матвиенко менен жолугушат. Андан соң шаардагы окумуштуулар тобу менен кезигип, өзү окуган Санкт-Петербургдагы информациялык технология, оптикалык механика университетинде лекция окуйт. Ал эми 14-ноябрда Панфилов дивизиясынын жоокерлеринин Москвадагы эстелигинин жанындагы митинг–реквиемге катышып, гүл коёт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG