Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:31

Аялдардын бийликтеги орду талкууланды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Саясат жана аял: жергиликтүү бийликке катышты анализдөө» аттуу эки күндүк эларалык конференция башталды. Аны ЕККУнун Бишкектеги борбору, бул уюмдун адам укуктары жана демократиялык институттар бюросу, аялдар, үй-бүлө иштери боюнча улуттук кеңештин катчылыгы жана социалдык технологиялар боюнча агенттик өткөрүүдө.

Конференцияга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстандагы бейөкмөт уюмдардын, мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү, депутаттар жана чет өлкөлүк уюмдардын кызматкерлери катышып жатышат. Конференцияда айтылган маалыматка караганда, Кыргызстандын парламентинде аялдардын саны 6,7%, өкмөттө 9,8%ти түзөт. Ал эми жалпы аялдардын 7,2% гана мамлекеттик башкарууга катышат.

Конференцияга катышкан бейөкмөт уюм өкүлдөрүнүн айтымында, мындай көрүнүшкө улуттук менталитеттен тышкары экономикалык жактан көз карандылык башкы себеп. Маселен, жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышууга аракет кылган аялдардын көбү шайлоо фондуна 1000 сом төлөй албай, катышкан эмес. Ал эми «Транперенси интернешнл» эларалык уюумунун иликтөөсү боюнча Кыргызстанда коорупциянын күч алышына өбөлгө түзгөн башкы көрүнүштөрдүн бири - мамлекеттик башкаруудагы аялдардын аздыгы болууда.

XS
SM
MD
LG