Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:40

Донордук жардамдын кайтарымы аз


БИШКЕК. "Өнүгүп жаткан мамлекеттерге жардам берген эларалык финансы институттары бюрократияга батып, бири-бирин кайталаган долбоорлорду ишке ашырып калды". Мындай пикир бүгүн донор мамлекеттер менен уюмдардын ишин координациялоо жана алардын долбоорлорун бири-бири менен айкалыштыруу жолун аныктоого арналган регионалдык жолугушууда айтылды.

Швециянын тышкы иштер министрлигинин саясат боюнча кеңешчиси Бо Вестмандын айтымында, донорлордун жардамынын натыйжасы жугумдуу эмес, ушундан улам жардамдын үзүрүн көрүүгө аракетти күчөтүүгө мезгил жетти.

Ал эми вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев донорлордун ич ара байланышынын жоктугу алардын долбоорлорунун бири-бирин кайталашына алып барды деп билдирди. Анын баамында донорлор техникалык жардам деген шылтоо менен берген жардамдарынын көбүн өз кеңешчилерине алып кеткенди токтотуп, долбоорлорун Кыргызстанда жакырчылыкты жоюу боюнча улуттук стратегияны ишке ашырууга багытташы зарыл.

Ал эми Казакстандагы бейөкмөт уюмдар конфедерациясынын президенти Валентина Сиврякова донорлор жаш мамлекеттердин тажрыйбасыздыгынан пайдаланып, өз мүдөөлөрүн таңуулады деп билдирди.

Бишкекте өтүп жаткан эки күндүк регионалдык жолугушууга Монголиянын, эларалык каржы уюмдарынын жана КМШдагы алты мамлекеттин өкүлдөрү катышып жатышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG