Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:12

"Чоң жети" финансы рыногунда стабилдүүлүк үчүн чогуу күрөшөт


Өнөр жайы мыкты өнүккөн жети өлкө же "Чоң жети" акча рыногундагы туруктуулукту сактоо үчүн чогуу аракеттенүүнүн амалын ойлоштурууда. Бул жөнүндө Италиянын экономика министри Доменик Синискалко кечээ Римде билдирди.

Үстүбүздөгү жумада доллар еврого салыштымалуу дагы арзандап, бир евронун кубаты - өз тарыхында биринчи жолу - 1 доллар 30 центтен ашты. Синискалконун сөзүнчө, февраль айында "Чоң жетинин" мүчөлөрү акча рыногуна кийлигишүү ниетин билдиргенден кийин, доллардын еврого болгон катнашы турукташа түшкөн.

Евронун долларга салыштырмалуу кымбаттоосун, Европа борбордук банкынын төрагасы Жан-Клод, "жагымсыз көрүнүш" деп атады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG