Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:20

Хельсинки федерациясынын Украинадагы шайлоого берген баасы


Адам укугун коргоочу эл аралык Хельсинки федерациясы Украин бийликтерин өткөн айдагы президенттик шайлоо өнөктүгүнө биринчи күндөн тартып кийлигишти жана арсар шайлоочуларды өзү колдогон талапкер үчүн добуш берүүгө түрттү деп айыптады.

Кечээ күнү Украин бийликтери 31-октябрда болгон президенттик шайлоонун ырасмий жыйынтыгын жарыялаган. Бу маалымат боюнча, батышчыл талапкер Виктор Юшенкону шайлоочулардын 39,87 проценти колдогон, ал эми премьер-министр Виктор Янукович 39,32 процент добуш алган.

21-ноябрда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы болот. Юшенко бүгүн Киевде болгон пресс-конференцияда:


-Шайлоонун экинчи айлампасында, анын биринчи айлампасындагыдай эле мен үчүн негизги маселе - шайлоочулардын колдоосу эмес, өнөктүктүн адилет жана калыс өтүшү,-деп билдирди.

Кремль бүгүн тараткан маалыматка караганда Орусия президенти В.Путин жума күнү Украинага барат. Путин октябрдын аягында да Украинага үч күнгө келип, В.Януковичке колдоо көрсөткөн болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG