Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:08

Казакстанда төрт жанкечти аял кармалды


Казакстандын түштүгүндө “ал-Каида” менен байланыштагы “Жамаат мужахиддин” партиясынын мүчөлөрү деп шектелген 13 адам камакка алынды.
Республиканын коопсуздук агенттигинин орун басар төрагасы Владимир Божко:

-Биз изине түшүп, камакка алган террордук уюмдун мүчөлөрүнүн төртөөсү Өзбекстандын букарасы, тогузу Казакстандык жаран. Түштүк Казакстандык жанкечти катары даярдалган төрт аял да кармалды. Алардын айрымдарынын жаш балдары бар.

Божконун сөзүнчө, өзбек жарандын жанынан Өзбекстандын ичинде чабуул уюштуруунун планы да табылган. Коопсуздук күчтөрү каруу-жарак, жардыргыч заттарды, ошондой эле бин Ладендин кайрылуусу жазылган видео-аудиотасмаларды да колго түшүрдү.

Өзбекстандын 4 жараны ырасмий Ташкенге өткөрүлүп берилерин маалымат агенттиктери кабарлашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG