Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

АРАФАТ ТУУРАЛУУ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫН ПИКИРЛЕРИ


Палестин лидери, маркум Ясир Арафаттын ишмердиги тууралуу Кыргызстанда да кызуу сөз болууда. Айрым саясатчылар аны палестин элинин боштондугу үчүн өз өмүрүн сайган чыныгы эл уулу болгон дешсе, кээ бирлери тескерисинче Арафатты диктатор катары баалашат.

Отуз жашка толо элек курагында ФАТХ же башкача айтканда «Палестинаны боштондукка чыгаруу кыймылын» негиздеп, палестин элинин боштондугуна өмүрүн арнаган, Палестин автономиясынын төрагасы Ясир Арафат дүйнөдөн кайтты.

Батыштын массалык маалымат каражаттары Франция куралдуу күчтөрүнүн медициналык кызматынын жетекчиси, генерал Кристиан Эстрипо мырзанын айткандарына таянып, Палестин лидерин 11-ноябрда таңкы саат 03.30да көз жумду деп кабарлашты.

Палестин элинин лидери Ясир Арафаттын жасаган иштери, саясий ишмердиги тууралуу Кыргызстанда да кызуу сөз болуп жатат. Биз сөзгө тарткан саясатчылардын басымдуу бөлүгү анын өз эли үчүн күйгөн, элинин эркиндикте, бейпилдикте жашоосу үчүн өмүрүн сайган коомдук ишмер катары баалашты.

-Ясир Арафат - жапжаш кезинен тартып эле элине кадыры сиңген, элинин таламын талашкан эң патриот адамдардын бири эле. Элге берилип, эл үчүн жашаган адамдар көп ойлонот, мунун ден-соолукка зыяны тийет тура. Биздин Абсамат Масалиев да элин жакшы көргөн адам эле. Эл деп жүрүп өтүп кетти, - деди Жогорку Кеңештин депутаты, коммунист Орозбек Дүйшеев.

Ушундай эле пикирин Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Адахан Мадумаров да билдирди:

-Ясир Арафат араб өлкөлөрүндө, айрыкча Палестина автономиясында болуп көрбөгөндөй зор кадыр-баркка ээ инсан эле. Эли үмүт арткан, ошол Палестинаны Палестина кылабыз деп жүргөн, жүрөгү ошондой деп соккон кишилердин эң алды - ошол Ясир Арафат эле. Палестиндер үчүн Арафаттын орду толгус. Ясир Арафат - биздин замандагы феномен. Себеби ушунчалык оор жагдайда, оор акыбалда туруп алып, мамлекет жасайм, элди боштондукка алып чыгам деп бүт өмүрүн ошого арнап койгон.

Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын муфтийи Муратаалы ажы Жумановдун сөзү боюнча Ясир Арафаттын мумулмандардын ыйык Рамазан айында көз жумуусунун өзү анын жакшы инсан экендигин билдирет:

-Ыйык рамазан айында дүйнөдөн кайтуу дагы – бул кудайдын берген бир рахматы, бир жакшылыгынын белгиси. Ошондуктан Палестин элинин лидери Ясир Арафаттын рамазан айында дүйнөдөн кайтканын - ал кишинин кудайга жаккан мусулманчылык сооп иштерди жасагандыгынын бир белгиси катары көрүүгө болот.

Ал эми белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиевдин пикири төмөнкүдөй болду:

-Палестин лидери жеке өзү гана - чексиз болбосо да ошончолук чоң бийликти колуна алып жүргөн. Ооруп, Парижге кетип баратканда да эч кимге калтырбаптыр ал бийлигин. Бул өзү - диктатуранын бир түрү. Мүмкүн ушул күнгө чейинки Палестина мамлекетине ошондой башкаруу керек болгондур. Мындан кийинки доордо Палестина мамлекетин куруш үчүн, Израиль менен тынчтыкта жашоо үчүн, диктатуранын кереги жок.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG