Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:06

ГОЛЛАНДИЯДА УЛУТТАР АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕРГЕ ЖИК КЕТТИ


Бул айдын башталышы Нидерландыда улуттар аралык араздашуулар менен өзгөчөлөндү. Адегенде таанымал режиссер Тейо Ван Хок киши колдуу болду. Бул кылмыш үчүн теги марокколук жигит шектелип, камакка алынды. Көп узабай өлкөдө мусулман объектилерине бир нече кол салуу катталды. Голландиянын өкмөтү элди толеранттуулукка чакыра баштады. Падышалык - илгертеден эле иммиграция жаатындагы либералдуу мыйзамдары менен белгилүү болуп келген. Андыктан Голландиянын коомчулугу арасында “ошол ашыкча сабырдуулук улуттар аралык мамилелерге залакасын тийгизип жүрбөсүн” деген суроо пайда болууда.

Шейшембиде голландиялык режиссер Тейо ван Хок акыркы сапарга узатылды. Мусулман аялдарынын оор абалы жөнүндөгү тасманын автору Ван Хок 2-ноябрда киши колдуу болгон эле. Полиция анын өлтүрүлүшүнө байланыштуу алты кишини камакка алды. Негизги күнөөкөр катары 26 жаштагы теги марокколук жигит аталууда. Голланд полициясынын ырастоосунда, ал Испания менен Сириядагы исламчыл экстремисттик топтор менен кызматташчу деп шектелүүдө.

Ван Хоктун өлүмүнөн кийин өлкөдө мусулман мектептери менен мечиттерге бир нече кол салуу болду. 8-ноябрда мусулман окуу жайына бомба ыргытылса, эртеси кечинде өлкөнүн түштүгүндөгү дагы бир мектепке өрт коюлду.

Нидерланды падышалыгынын калкы 16 миллион кишиге жетет. Алардын 1 миллиондойу негизинен Түркия менен Мароккодон көчүп келген мусулмандар. Статистикалык прогноздор дагы 5-6 жылдан кийин Амстердам, Роттердам, Гаага өңдүү ири шаарларда мусулмандар көпчүлүктү түзүп калаарын көргөзүүдө.

Голландия өзүнүн либералдуу иммиграциялык мыйзамдары менен белгилүү. Өлкөдөгү ар бир тургун бирдей социалдык камкордук көрөт. Соңку кездери падышалыктын мындай жумшак саясаты көбүрөөк сындала баштады:

-Жер ортолук деңиз аймагынан, Голландиянын мурдагы колонияларынан миңдеген иммигранттар агылат. Биз аларга сабырдуу, оң мамиле кылып келдик. Албетте, бул маданиятыбыздын жакшы жагы. Бирок биз өтө эле жумшак болдук деп ойлойм. 1970-80-жылдары келгиндерге сөз тийгиздирбей, аларга сын айтуудан тартынчубуз. Натыйжада Голландияда саясий табу пайда болду. Мисалы, Түркия же Мaроккодон келген адамдарды биздин маданиятка интеграциялаш керек өңдүү сөздөр үчүн рассист деген күнөө тагылчу, - деп ырастайт улуттар аралык мамилелер боюнча адис, амстердамдык социолог Херман Фоуше.

Азыр болсо нидерландиялыктар бозгун-тозгундарга карата мамилесин өзгөртө башташты.

Борборчул-оңчул өкмөт тил боюнча сынак жана башка чаралар аркылуу иммигранттардын интергациясын күчөтүүгө үндөп келатат. Жакында болсо Амстердамдын баш паана сураган 26 миң чакты качкынды үйлөрүнө кайтаруу чечими катуу сынга кабылды.

Голландиядагы мусулман коомчулугунун айрым өкүлдөрү болсо өлкөдөгү соңку окуялар диний жана маданий айырмачылыктардын натыйжасы катары каралып, экономикалык себептер көңүл сыртында калып калганын белгилешүүдө.

Ислам таануу боюнча профессор Абдулкадер Тайип жаш мусулмандардын социалдык-экономикалык кыйынчылыктары жөнүндө айтат:

-Жумушсуздуктун деңгээлин алсак ал Роттердам, Амстердам өңдүү чоң шаарларда жогору. Мусулмандар, иммигранттар жыш жайгашкан аймактар экономикалык жактан эң чабал болуп эсептелет. Демек алар начарыраак социалдык-экономикалык абалда жашашат. Ошол эле мезгилде келгиндер түпкүлүктүү эл менен бирдей социалдык жардам алат. Бул жагдай дагы элдин араздашуусуна алып келип жатат.

Жакында Нидерландынын мамлекеттик телевидениеси сурамжылоо өткөргөн эле. Ага тартылгандардын 47 пайызы режиссер Ван Хоктун өлтүрүлүшүнөн кийин мусулмандарга карата мамилесин терс жакка өзгөрткөнүн ырасташты. Элдин пикирин сурап билүү боюнча башка бир изилдөө голландиялыктар ультра-оңчул саясатчы Хеерт Вилдурцка колдоо көрсөтүшөөрүн айгинеледи. Бул саясатчы Түркиянын Еврошаркетке кирүүсүнө каршы жасалган чакырыктары үчүн жакында Голландиянын либералдар партиясынан чыгарылып салган.

XS
SM
MD
LG