Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

Ирактын Фаллужа шаарындагы салгылашуулар уланууда


Ирактын Фаллужа шаарындагы салгылашуулар уланууда. Америкалык жана өкмөттүк аскерлер калаанын түштүк аймактарын көзөмөлгө алууга аракеттенүүдө. 8-ноябрда чабуул башталгандан бери Фаллужада алты жүзгө жакын согушкер өлтүрүлүп, 18 америкалык аскер курман болгону тууралуу айтылууда. АКШ президенти Жорж Буш кечээ күнү Арлингтон шаарында согуш ардагерлери алдында сүйлөп, америкалык аскерлер Иракта ийгиликтүү согушуп жатат деп билдирди:

-Эртең ардагер боло тургандар бүгүн Иракта согушуп жатат. Алардын максаты ачык - террорчуларды жок кылуу жана өзүн өзү коргой ала турган өкмөт түзүү. Алар бул максатты ийгиликтүү аткарууда, биз алар менен сыймыктанабыз, биздин аскерлер утуп жатат.

Багдад шаарында болсо кечээ күнү бомба жарылып, 17 киши набыт кетти.

XS
SM
MD
LG